Токтогул суу сактагычында суу азайып, адам сөөктөрү жээкке чыгып калууда. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области
Токтогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов суу жээгине чыгып калган адам сөөктөрү 29-март күнү терилип, кан чыгарылып, көмүлөрүн билдирди.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Токтогул суу сактагычында суу азайгандыктан, адам сөөктөрү жээкке чыгып калууда. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочу Канат Абдыкеримов билдирип, маалыматты Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов тастыктады.
Анын айтымында, суу жээгине чыгып калган адам сөөктөрү 29-март күнү терилип, кан чыгарылып, көмүлөт. Учурда райондук администрация тарабынан жергиликтүү мекеме, ишкана өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат.
Кожобергенов белгилегендей, жергиликтүү тургундар сөөк жыйноого жардам берет. Жашоочулар адамдардын сөөктөрү Токтогул суу сактагычынын Үч-Терек жана Торкент айылдары тарапта жатканын кабарлашты. 
Ал эми "Ыйык Мурас" ассоциациясынын төрагасы Кайырбек Коңурбаев билдиргендей, буга чейин суу сактагычка жакын аймакта жайгашкан мүрзө учурда суу астында калган. Анын айтымында, буга республикалык деңгээлде көңүл бурулушу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0