Өткөн суткада коронавирус 88 кишиден табылып, өлүм учурлары катталган жок

© REUTERS / HENRY ROMEROСитуация в Мексике на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Мексике на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
528 бейтап ооруканаларда болсо, 437 киши амбулатордук шартта медициналык жардам алып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 88 кишиден коронавирус аныкталып, 68 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 55;
  • Чүй облусу – 24;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 1.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпысынан 87 946га жетти. Анын ичинен 84 537 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 36;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 27;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2.
Бактыга жараша, өткөн суткада өлкөдө өлүм учурлары катталган эмес. 528 бейтап ооруканаларда болсо, 437 киши амбулатордук шартта медициналык жардам алып жатканы кошумчаланды. Стационардагылардын ичинен 138инин абалы оор болсо, 20 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0