Аялды эрте өлүмгө алып келчү фактор аталды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКесарево сечение операциясын жасап жаткан дарыгерлер. Архив
Кесарево сечение операциясын жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Америкалык окумуштуулар боюнан түшүп көз жумган келиндер көбүрөөк экендигин аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы The BMJ илимий журналына жарыяланган.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар бир нече ирет боюнан түшкөн аялдардын эрте көз жумуу тобокелчилиги 19 пайызга жогору. Изилдөөнүн жыйынтыгы The BMJ илимий журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Иликтөөгө 1993-жылдан баштап 2017-жылга чейин жүз миң аял катышкан. Алардын ден соолугуна таасир эткен факторлор, тамактануу жана жашоо образы эске алынып, медициналык көзөмөл жүргүзүлгөн.
Жеке клиникалардын биринде акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Спираль койдуруу рак оорусун чакырабы? Акушер-гинеколог менен маек
Эрте өлүмгө бир нече ирет боюнан түшкөн келиндер, айрыкча буга жаш кезинде кабылгандар дуушар болору аныкталган. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган келиндердин боюнан түшүп каза болгон учурлары 48 пайызга жогору болору аныкталган.
Окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыгына таянып бойдон түшүү аялзатынын ден соолугуна кооптуулук жараткан белги экенин айтышкан.
Алардын айтымында, бойдон түшүп калуу аялдын ден соолугуна кандай таасир этерин толук кандуу билиш үчүн дагы кошумча изилдөөлөр керектелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0