07:04 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска каршы эмдөө (74)
596 0 0

Дүйшөмбү күндөн баштап Бишкекте коронавируска каршы эмдөө башталат. Дарыгер адегенде ар бир адамды өзүнчө карап чыгып, андан соң гана вакцина сайдыруу кереги бар-жогу тууралуу чечим чыгарат.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкектин саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова жана Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова кимдер коронавируска каршы эмделбей тургандыгын айтып беришти. Адистер Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйынга катышкан.

Рыскулбекованын айтымында, антителосунун саны үчтөн жогору болгон адамдар эмдөөдөн өтпөйт.

"Эгер серологиялык текшерүү үчтөн жогорку көрсөткүчтү берсе, анда вакцина алуунун кажети жок. Эгерде андан аз болсо, дарыгер адамды эмдөөгө жөнөтөт", — деди ал.

Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси эмдөөгө болбой тургандардын катарына 18 жашка чыга элек балдар, кош бойлуу келиндер, бала эмизген энелер, ошондой эле тамак-ашка жана дары-дармекке аллергиясы барлар кирет.

"Эмдөөнүн алдында дарыгер ар бир адамды өзүнчө карап чыгып, андан соң гана вакцина сайдыруу кереги бар-жогу тууралуу чечим чыгарат", — деп билдирди Исмаилова.

Бишкек шаарында 15-марттан баштап эпидемиологиялык абал начарлап, коронавирус жугузгандардын саны көбөйө баштады.

Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (74)

Тема боюнча

Министрлик: Кытай вакцинасынын кыйыр таасири катталган жок
Кыргызстанда коронавируска каршы биринчи ким эмделери белгилүү болду
Белгилер:
Бишкек, вакцина, эмдөө, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ