УКМК Саламаттык сактоо министрлигиндеги ири коррупциялык ишти аныктады

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЖасалма желдеткич аппараты. Архив
Жасалма желдеткич аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Министрлик өткөн жылдын май айында эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу 1,8 миллион долларга желдеткич аппараттарын сатып алууда бааларды негизсиз жогорулатканы аныкталды.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясы учурунда медициналык каражаттарды сатып алууда коррупциялык фактыларга жол берген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, министрлик өткөн жылдын май айында эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу 1,8 миллион долларга желдеткич аппараттарын сатып алууда бааларды негизсиз жогорулаткан.
"1,8 миллион долларга алынган 67 жасалма желдеткич аппараттын базар баасы 600 миң долларды түзгөн. Анын ичинен ар бири 30 миң доллардан сатып алынган 40 даана желдеткичтин баасы Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 долларды түзгөн", — деп жазылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан күз мезгилинде желдеткич апараттарын сатып алууда дагы коррупциялык фактыларга жол берилгени аныкталган.
Дары-дармек склады. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Прокуратура: министрлик пандемияда 3,5 млн. сомго керексиз дары сатып алган
Өткөн жылдын сентябрь айында аталган министрлик ар биринин баасы 25 миң доллар болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алган, бирок алардын базар баасы 10 миң доллардан ашпаган суммада болгон", — деп жазылат УКМКнын маалыматында.
Ушундай эле көрүнүш медициналык мекемелерге концентратор жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө бар экени кошумчаланды.
Жогорудагы фактылар боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0