Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкекте коронавирус күчөп жатат, локдаун киргизилеби? Мэриянын жообу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАскер өткөрүү пунктунда. Архив
Аскер өткөрүү пунктунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Вице-мэр Айжан Чыныбаева коронавирустун жайылуусун токтотуу жалпы элдин жоопкерчилигинде экенин белгиледи.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Биздин максат - коронавирусту токтотуу, бул үчүн этап-этабы менен ишке ашыра турчу пландарыбыз бар. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Мэрия Бишкектеги эпидемиялык кырдаал жөнүндө" аттуу брифингге катышууда.
"Тактап кетчү жагдай, биз кезектеги локдаун жөнүндө сөз кылган жокпуз. Кошумча текшерүү иш-чаралары тууралуу айтып жатабыз. Бардыгыбыздын каалообуз коронавирусту токтотуу, бул үчүн этап менен ишке аша турган пландарыбыз бар. Бирок бизнес менен мектептерди жабуу максатыбыз жок. Эпидемиялык кырдаалга карайбыз", — деди Чыныбаева.
Вице-мэр коронавирустун жайылуусун токтотуу жалпы элдин жоопкерчилигинде экенин белгиледи.
Бишкектеги соода борборунун кире беришинде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Бишкекте COVID жуктургандардын саны өсүп, санитардык көзөмөл күчөтүлдү
"Эгер бет кап кийип, санитардык нормаларды сактай турган болсок, Казакстанда айтылып жаткан үчүнчү толкундан жеңил өтүп кетишибиз мүмкүн. Учурда соода борборлору жана башка эл көп топтолгон жайлар менен иш алып барып жатабыз", — деди ал.
Белгилей кетсек, ушул эле брифингге катышып жаткан Бишкек шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Рыскулбекова 15-марттан тарта Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштаганын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0