COVID жуктургандарды кабыл алчу Бишкектеги ооруканалар. Бош орундардын саны

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОоруканада медициналык кызматкерлер. Архив
Ооруканада медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Учурда вирус илештиргендерди үч оорукана кабыл алып жатат. Бүгүн борбор калаада 45 кишинин оору жуктуруп алганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
26-март саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, үч ооруканада 176 бош орун бар:
  • Улуттук хирургия борбору — 4;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 153;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 19.
Өткөн суткада өлкөдө коронавирус 100 кишиден аныкталып, өлүм учуру катталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0