Жаңы бышырылган нан кимдерге зыян? Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүНаабайкананын кызматкери. Архив
Наабайкананын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Убакыттын өтүшү менен нандын курамындагы кычкылдуулук азаят. Ошондуктан бышырылган нанды сегиз саат, эң жакшысы бир суткадан кийин жесе ден соолукка зыяны азыраак болот.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жаңы бышырылган нанды өзгөчө ичеги-карын оорусу бар адамдар этияттык менен жеши керектигин врач-терапевт, диетолог, нутрициолог Мария Черняева Sputnik радиосуна берген маегинде айтып берди.
Жыты аңкып жаңы бышырылган нан эски нандан ашыкча кычкылдуулугу менен айырмаланып турат. Мындай азыкты колдонуу ичеги-карын ооруларынын өрчүшүнө алып келиши мүмкүн.
Убакыттын өтүшү менен нандын курамындагы кычкылдуулук азаят. Ошондуктан бышырылган нанды дароо эмес коё туруп жесе ден соолукка зыяны азыраак болот.
"Гастрит, ашказан жарасы менен жабыркаган адамдар оорусун күчөтүп албашы үчүн сегиз саат же бир сутка турган нанды жегени оң", — деди дарыгер.
Таблеткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Кайсы витамин жаштыкты сактоого жардам берет? Диетологдун кеңеши
Кечээ бышырылган нан жумшак, жаңы бышырылган нанга караганда алда канча пайдалуу.
Ошондой эле дарыгер жаңы бышырылган нанга болгон муктаждык биздин даам сезүүбүздөн көз каранды экендигин айткан. Муну дүкөндөр колдонуп, нанды көбүрөөк адам сатып алышы үчүн анын жытын чыгарып бышырарын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0