Беттин териси эмнеден бузулат? Себептер

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКосметолог иш учурунда. Архив
Косметолог иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Адистердин айтымында, жатарда бетти жакшылап тазалаш керек. Бул тери үчүн эң маанилүү процесс. Анткени уктагандан кийин тери таза болгондо гана клеткалар жаңыланып, калыбына келет.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Елена Малышева менен ден соолук" порталынын эксперттери беттин терисин буза турган бир нече себептерди санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, жатарда бетти жакшылап тазалаш керек. Бул тери үчүн эң маанилүү процесс. Анткени уктагандан кийин тери таза болгондо гана клеткалар жаңыланып, калыбына келет.
"Эгер беттин териси майлуу, кир болсо, косметика тазаланбаса, майда тешикчелер толуп калып, жаңыланууга мүмкүнчүлүк бербейт. Жыйынтыгында безетки чыгып, тери кургайт", — деп айтылат маалыматта.
Чылым чегүү да беттин терисин буза турган факторго кирет. Тамеки тартканда териге кан жетпей, керектүү азыктандыруучу заттар жана кычкылтек жетишсиздиги жаралат.
Кыз төшөктө уктап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Косметолог уйкунун сулуулук менен байланышын айтып берди
Күндөн коргоочу бет майды дайыма колдонбогон учурда да териде көйгөй пайда болот. Адистер аны кайсы маалда болбосун сыртка чыгарда колдонууну сунуштаган. Таттуу дагы терини бузушу ыктымал.
Безеткини туура эмес дарылаган учурда да тери жабыркай турганы кошумчаланды. Аларды сыкканда териде так калып же инфекция кирип кетиши мүмкүн. Ошондуктан өткөөл куракта безеткиден этияттык менен арылуу кажет экени белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0