"Манас" аэропорту Россияга авиабилеттин кымбаттаган себептерин атады

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАбага көтөрүлүп жаткан учак. Архив
Абага көтөрүлүп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
"Манас" аэропортунун божомолуна караганда, авиакомпаниялар локдаун учурундагы финансылык жоготууларынын ордун толтурууга аракет кылып жатышы мүмкүн.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы Кыргызстандан бир нече багыттар боюнча авиабилеттердин баасы эмнеге өсүп кеткенин айтып берди.
Бүгүнкү күндө жарандар аэропортко авиабилеттер кескин кымбаттаганын айтып нааразычылыктарын билдиришүүдө.
"Аэропорт авиабилет сатуу менен алектенбейт жана бааны жөнгө сала албайт. Баа саясатын авиакомпаниялар жүргүзөт. Алар ички эрежелерине таянып сатышат", — дешти маалымат кызматынан.
Аэропорттон билдиришкендей, Россия менен Казакстандын шаарларына кеткен гана рейстердин билеттери кымбат болуп жатат.
"Билеттердин баасын "Аэрофлот", "Урал авиалиниялары", "Сибирь", "Эйр Астана" жана дагы бир нече компания кымбаттатты. Россияга кеткен билеттердин баасынын өсүшү COVID-19га байланыштуу болду. Пандемиядан улам авиарейстер кыскарып, чартердик каттамдардын жаңы эрежелери жаралды", — деп айтылат маалыматта.
Мисалы, буга чейин күн сайын Бишкек — Москва каттамы менен 4-6 рейс аткарылып турган.
"Бирок пандемияга байланыштуу рейстердин саны кескин кыскарып кетти. Ошол эле учурда күн сайын аткарылчу чартердик каттамдар ачылды. Ошентсе да Россияга кетүүнү каалагандарга билет жетпей, ажиотаж жаралып, мындай жагдай баалардын өсүшүнө алып келди", — дешти аэропорттон.
Авиабилеттердин кымбатташынын экинчи себеби — учуу эрежелеринин өзгөрүүсү (чартердик жана кадимки каттамдардыкы ар кандай).
Аэропорттогу кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Бир авиакомпанияда билет калган жок. Бишкек — Москва каттамынын баалары
"Чартердик рейстин жүргүнчүлөрү ПЦР-тесттен сырткары Россияга кирүүгө абдан муктаж болуп жаткандыгы боюнча документин дагы көрсөтүшү керек. Ал эми кадимки каттам менен кеткендерге ПЦР-тесттин анализи гана керек. Мындан улам ушундай каттам менен жүрүүнү каалагандардын саны өсүп, авиабилеттердин кымбатташына алып келди", — дешти аэропорттон.
Чартердик рейстер буга чейин деле кадимки каттамдарга караганда кымбат болгону белгиленди.
"Өзү каалаган бааны коюп жаткан авиакомпаниялар локдаун учурундагы финансылык жоготууларынын ордун толтурууга аракет кылып жатышы дагы мүмкүн. Кыскасы, жаралды делген дефицит, авиабилеттердин алып-сатылышы жана компаниялардын кызыкчылыктары бааны өстүрдү", — деди маалымат кызмат.
Кыргызстан "COVID-19 жок саякатта" тиркемесине кошулушу күтүлүп жатат. Болжол боюнча эгер Россия КРдин тиркемеге кошулушун жактырса, өлкөдөн учуу процедуралары кыйла жеңилдейт. Ошондой эле рейстердин саны өсүп, билетке болгон ажиотаж басаңдашы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0