Ирактагы кыргызстандык балдар кантип кайтарылды. Эки жылдык миссиянын чоо-жайы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИрактан кайтарылган өспүрүмдөрдүн бири
Ирактан кайтарылган өспүрүмдөрдүн бири - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Өкмөт эл аралык уюмдардын колдоосу менен Иракта жүргөн кыргызстандык балдарды мекенге кайтарды. Аларды реабилитациялоодон кийин туугандарына өткөрүп берүү пландалууда.
Эске салсак, 16-мартта Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке келген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Мээрим" деп аталган миссиянын аткарылышы жана балдардын учурдагы абалы тууралуу билди.

Миссияны ишке ашыруу эки жылга созулган

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 2019-жылы Иракта калып калган кыргыз балдарын алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирген. Анда министр Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) КРдеги жетекчиси Кристин Жольмду кабыл алып, Кыргызстан бул маселе боюнча уюмдун колдоосуна муктаж экенин айткан. Ал эми ЮНИСЕФ жетекчиси кыргыз тараптын бул демилгесин өтө жылуу кабыл алганын жана аны колдоого даяр экенин билдирген.
Миссия ишке ашырылгандан кийин UNICEF уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник Sputnik агенттигине Ирактагы кырдаал жана пандемия процессти бир топ кыйындатканын билдирип өттү.
© Фото / пресс-служба МИД КР16-мартта Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке алып келинген
Возвращение на родину детей граждан Кыргызской Республики из Ирака - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
16-мартта Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке алып келинген

Кооптуу аймактан балдарды кайтарган биринчи миссия

Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, бул — өмүрү, ден соолугу өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган гуманитардык миссия. Мындай мүнөздөгү жана масштабдагы репатриациялык иш-чара алгачкы жолу ишке ашты.
Ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөр жүргөн. Ушул жылдын февраль айынын аягында аталган өлкөгө гуманитардык миссия менен дипломатиялык кызматкерлердин, өкмөттүн жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ жөнөтүлгөн.

Ирактан балдарды алып келүүгө кимдер тартылды

ТИМ белгилегендей, балдарды репатриациялоо өлкө жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында, кыргыз өкмөтүнүн координациялоосу менен Тышкы иштер министрлигинин, КРдин Кувейттеги элчилигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, мамлекеттик органдардын, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (UNICEF) тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде жүзөгө ашырылган. Ошондой эле Улуттук Кызыл Ай жана Кызыл чырым эл аралык коомдору колдоо көрсөткөн.
© Фото / пресс-служба МИД КРАлардын арасында 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала, 41 кыз бар
Возвращение на родину детей граждан Кыргызской Республики из Ирака - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алардын арасында 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала, 41 кыз бар

Миссияга дал келген "Мээрим" аталышы

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, балдарды кайтарып келүү боюнча иш-чараларды уюштурууда көптөгөн жыйындар өтүп, гуманитардык миссиянын аты да талкууланган. "Мээрим" деген аталыш бул миссиянын маанисине дал келери белгиленди.
Доллар жана евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
БУУ Кыргызстанга ири суммада каражат бермей болду. Кайда жумшалат?
Маалымат катары айта кетсек, коңшу Казакстан согуш болуп жаткан өлкөдөн өз жарандарын кайтарып алуу боюнча операциясын "Жусан" деп атаган. Аталышынын өзүнчө тарыхы бар. Гуманитардык операция аркылуу балдар гана эмес, эркектер менен аялдар дагы алып келинет. Убагында Кызыл чырым эл аралык комитетинин жетекчиси Петер Маурер "Жусан" операциясынын ийгилигине таң берип, президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдогон.
Өзбекстандагы гуманитардык операция "Мехр" деп аталса, Тажикстан жөн гана Ирактагы балдарды кайтаруу операциясы деп жүрөт.

Балдардын учурдагы абалы

Бөбөктөр Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жайгаштырылды. Алардын арасында 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек, 41 кыз бала бар. Борбордо балдарга бардык шарт түзүлүп, төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү коопсуздугун камсыз кылып жатканы айтылды.
© Фото / пресс-служба МИД КРӨкмөт "Мээрим" деп аталган миссияны эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырды
Возвращение на родину детей граждан Кыргызской Республики из Ирака - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Өкмөт "Мээрим" деп аталган миссияны эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырды
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, учурда ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан КР жарандарынын репатриацияланган жашы жете элек балдарын реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан, тиешелүү кызматтар көрсөтүлүүдө.
"Учурда балдардын ден соолугу текшерилип, психологиялык жардам берилип жатат. Маанайы жакшы, көнүп калышты. Реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча маанилүү иш-чаралардын бири — балдарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш. Жалпысынан балдардын моралдык-психологиялык абалы канааттандырарлык деп бааланат. ВИЧ, вирустук гепатит, холера, безгек оорусуна канынан анализ алынып, ПЦР жүргүзүлгөн. Бардык балдардын тесттери терс натыйжа берди", — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, балдар үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу пландаштырылууда. Бул цирк, куурчак театрларын, концерттерди, интерактивдүү оюндарды жана сынактарды уюштуруу болмокчу.
Жакында эле президент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын жашоо шарты менен таанышып, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгилеген.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖакында эле президент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын жашоо шарты менен таанышты
Жакында эле президент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын жашоо шарты менен таанышты  - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жакында эле президент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын жашоо шарты менен таанышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи
Мамлекет башчы ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мамлекет башчы ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖапаров тийиштүү органдарга ар бир бөбөк үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүүгө, социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө көңүлүн бурду
Жапаров тийиштүү органдарга ар бир бөбөк үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүүгө, социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө көңүлүн бурду  - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жапаров тийиштүү органдарга ар бир бөбөк үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүүгө, социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө көңүлүн бурду
1/3
Жакында эле президент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын жашоо шарты менен таанышты
2/3
Мамлекет башчы ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи
3/3
Жапаров тийиштүү органдарга ар бир бөбөк үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүүгө, социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө көңүлүн бурду

Балдар туугандарына берилет

Белгилеп кетчү нерсе, балдарды кайтаруу Иракта калган энелеринин, ошондой эле аларды тарбиялоого өз үй-бүлөсүнө алууну каалаган туугандарынын макулдугу менен ишке ашырылган. ТИМ алып келинген балдар энелери менен Иракта пенитенциардык жаза өтөгөн жана атайын мекемелерде кармалганын билдирди.
Эми реабилитациялоо жана реинтеграциялоо иш-чаралары аяктагандан кийин балдар туугандарына берилмекчи.
Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар балдарга документ берүү жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзөрү белгиленди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчурда балдардын ден соолугу текшерилүүдө. Алар үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу да пландаштырылууда
Президент КР Садыр Жапаров навестил детей, возвращенных из Ирака - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Учурда балдардын ден соолугу текшерилүүдө. Алар үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу да пландаштырылууда

БУУнун Балдар фонду миссияны мындан ары дагы колдоого даяр

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мекендештерди кайтаруу боюнча мындан кийинки иш-чаралар согуштук зоналарда жүргөн КР жарандарынын муктаждыктарына жараша жүргүзүлөрүн билдирди.
Ал эми UNICEF өкүлү сыртта оор кырдаалга кабылган аялдар менен балдарды кайтарууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник Ирактан кыргызстандык балдардын мекенине кайтып келишин кубаттай турганын белгилеп, кандай жардам көрсөтүлгөнүн айтып берди.
"Бул миссия кыргыз өкмөтүнүн балдар укугу боюнча конвенциядагы милдеттенмелерин так аткарып жаткандыгын айгинелейт. UNICEF репатриация процессине активдүү жардам көрсөттү. Өкмөттүн сурамы боюнча финансылык жана техникалык жардам кылды, ага балдарды алып келүүгө учак бөлүп берүү дагы кирет. Өкмөт жана башка эл аралык уюмдар менен балдарды үй-бүлөлөргө жана жамааттарга интеграциялоонун комплекстүү планын иштеп чыктык. Ошондой эле өкмөт менен чогуу журналисттерге бул теманы этияттык менен чагылдыруу боюнча тренинг өткөрдүк", — деп билдирди Олейник.
БУУнун Балдар фондунун (UNICEF) Ирактан Кыргызстанга кайтарылган балдардын куугунтукка жана дискриминацияга кабылбашы үчүн ЖМКларды алардын жеке жашоосуна сый-урмат менен мамиле кылууга чакырган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБУУнун Балдар фондунун (UNICEF) Ирактан Кыргызстанга кайтарылган балдардын куугунтукка жана дискриминацияга кабылбашы үчүн ЖМКларды алардын жеке жашоосуна сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды
Президент КР Садыр Жапаров навестил детей, возвращенных из Ирака - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
БУУнун Балдар фондунун (UNICEF) Ирактан Кыргызстанга кайтарылган балдардын куугунтукка жана дискриминацияга кабылбашы үчүн ЖМКларды алардын жеке жашоосуна сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды

Ирак менен Сирияда канча кыргызстандык калганы белгисиз

Тиешелүү органдар редакциянын бул суроосуна жооп бере алышкан жок. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сирияга Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.
УКМК 2019-жылы согуш жүрүп жаткан Сирия, Ирак аймактарында жана ар кандай качкындар лагерлеринде жүргөн кыргыз жарандарын кайтаруунун шарты тууралуу айта кеткен. Анда текшерүү иш-чаралары аяктагыча балдардын атасы же энеси качкындар лагеринде калышы керектигин, эгерде террордук иш-аракеттерге катыштыгы бар болсо, анда алар ата-энелик укуктан ажыратыларын билдирген. Ошондой эле жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0