13:19 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435
Коом
Кыскача шилтеме алуу
155 0 0

Президент акыйкат башкаруунун механизмдерин киргизүү, каржылык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, өлкөнүн рейтингин жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Председатель Государственной службы финансовой разведки (ГСФР) Канатбек Тургунбеков
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбеков

Анда өлкө жетекчиси мыйзамсыз же кылмыш жолу менен өлкөдөн чыгарылып кеткен активдерди издөө жана кайтарып алуу боюнча натыйжалуу чараларды тез арада көрүү зарылдыгын белгилеген.

"Акыйкат башкаруунун механизмдерин киргизүү, каржылык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, өлкөнүн рейтингин жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн Мамлекеттик чалгындоо кызматы менен бизнес-коомчулуктун ортосунда өз ара тыгыз кызматташууну түзүү керек", — деген президент.

Жапаров эң алгач коррупциянын жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган, террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын дагы белгилеген.

Ал эми Тургунбеков кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берген. Анын айтымында, Евразиялык топтун (ЕАТ) 31-пленардык жыйынында Кыргызстандын 13 позиция боюнча рейтингин жогорулатуу чечими кабыл алынган.

Тема боюнча

Жапаров экология боюнча жарлыкка кол койду. Өкмөткө берилген сунуштар
Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардан кабар алды. Сүрөт
Белгилер:
актив, кылмыш, Садыр Жапаров, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ