Жаштардан калбай... "Санарип 50+" долбоору улуу муунду окууга чакырат

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон колдонуп жаткан апалар. Архив
Телефон колдонуп жаткан апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Пенсия курагындагылар электрондук капчык аркылуу эсеп-кысапты жүргүзүү үчүн мобилдик телефонду пайдаланууну үйрөнө алышат.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Борбор калаада "Санарип 50+" долбоору улуу курактагы кыргызстандыктар үчүн маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар (МКТ) боюнча акысыз окутууларды баштады. Аны "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду өткөрүп жатат.
"Санарип 50+" долбоорунун координатору Данияр Сүйүндүк уулунун айтымында, окутуу үч күнгө созулуп, кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.
Максаты — жашы улуу муунду смартфон менен иштөөгө, интернеттин дүйнөлүк торчосун өздөштүрүүнү, социалдык торчодогу жана мессенжердеги баарлашууну, электрондук капчык аркылуу эсеп-кысапты жүргүзүү үчүн мобилдик телефонду, күн сайын алмашкыс мобилдик тиркемелерди пайдаланууну үйрөтүү.
"Биз каалоосу бар адамдарды тайпа-тайпага бөлүп 2,5-3 сааттан окутабыз. Аларга атайын тажрыйбасы бар ыктыярчылар маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды пайдаланууну үйрөтөт", — деди Данияр Сүйүндүк уулу.
Координатор окутуу курстарына жазылууну каалагандар 0555151851 телефон номерине чалып, жазылса болорун билдирди.
Аталган долбоор 2018-жылдан бери маал-маалы менен өткөрүлүп келет жана сайттагы маалыматка караганда, буга чейин 2000ге чукул адам аталган окуудан өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0