COVID: жакында балалуу болгусу келгендер эмделиши керекпи? Адистин пикири

© AFP / ANTHONY WALLACEКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы Россияда жасалган вакциналардын аялдардын дагы, эркектердин дагы тукум улоо функциясына терс таасири боюнча маалыматтар жок экени айтылат.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Балалуу болууну пландаган жубайларга коронавируска каршы вакцина алуу сунушталат. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин аялдардын ден соолугу боюнча башкы адиси Наталия Долгушинага шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
"Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы Россияда жасалган вакциналардын аялдардын дагы, эркектердин дагы тукум улоо функциясына терс таасири боюнча маалыматтар жок. Ошондой эле аялдын энелик бездеринин санын же эркектин урук запасын төмөндөтөрү дагы аныкталган эмес", — деди Долгушина.
Ошол эле учурда COVID-19 илдети кош бойлуу аялдардын ден соолугуна бир топ терс таасир этери жана энелер арасындагы өлүмдүн көбөйүшүнө себеп болору тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалады.
Андыктан адис репродуктивдик курактагы, өзгөчө жакын арада балалуу болууну каалаган адамдарга COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп коюуну сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0