Новиков: 1-апрелде Бишкекти чулгаган ыштан арылуу иштери башталышы керек

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Новиков 1-сентябрга чейин Бишкектеги таштанды полигону жабылып, акыр-чикир рекультивациялык жайга көмүлүшү керектигин да белгиледи.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ушул жылдын 1-апрелине чейин Бишкекти каптаган ыштан арылуу боюнча план бекитилип, иштеп башташы керек. Бул туурасында биринчи вице-премьер Артём Новиков экологиялык коопсуздук боюнча кеңешмеде белгиледи.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУшул жылдын 1-апрелине чейин Бишкекти каптаган ыштан арылуу боюнча план бекитилип, иштеп башташы керек
Ушул жылдын 1-апрелине чейин Бишкекти каптаган ыштан арылуу боюнча план бекитилип, иштеп башташы керек - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ушул жылдын 1-апрелине чейин Бишкекти каптаган ыштан арылуу боюнча план бекитилип, иштеп башташы керек
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Новиков жыл сайын кышында жаралган ыш көйгөйү боюнча маселеге токтолгон.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Новиков жыл сайын кышында жаралган ыш көйгөйү боюнча маселеге токтолгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Новиков жыл сайын кышында жаралган ыш көйгөйү боюнча маселеге токтолгон.
1/2
Ушул жылдын 1-апрелине чейин Бишкекти каптаган ыштан арылуу боюнча план бекитилип, иштеп башташы керек
2/2
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Новиков жыл сайын кышында жаралган ыш көйгөйү боюнча маселеге токтолгон.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Новиков жыл сайын кышында жаралган ыш көйгөйү боюнча маселеге токтолгон.
"Кышында Бишкек ышка кандай чулганары эсиңиздердеби. Мындай кырдаал жыл сайын кайталанат, бирок биз кышында гана эстейбиз. Быйыл январда жакынкы үч жылда борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу планы кабыл алынган. Коомдук уюмдар жана эко-активисттер менен кеңешип, ал планды дагы мыктылап, негизги иштерди жүзөгө ашырууга макулдашканбыз. 1-апрелде план бекитилип, аткаруу иштери башталышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жапаров экология боюнча жарлыкка кол койду. Өкмөткө берилген сунуштар
Мындан сырткары, ал 1-сентябрга чейин Бишкектеги таштанды полигону толугу менен жабылып, 35 гектар аянттагы акыр-чикир рекультивациялык жайга көмүлүшү керектигин белгилеген.
Мындан сырткары, биринчи вице-премьер Боз-Бөлтөк аймаганда 60 гектар жерге этнокомплекс жана парктарды уюштуруу иштерин баштоого тапшырма берди. Аны менен катар курулуш иштеринде экологиялык принциптерди сактоого жана жаңы конуштарга газ жеткирүүнү колго алуу маселесин көтөргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0