Бишкек мэриясы алардын атын жамынып акча чогулткандардан сак болууга чакырды

© Sputnik / Эмиль СадыровДеятельность мэрии Бишкека
Деятельность мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Мэрия алдамчылар боюнча эскертүү берип, муниципалитеттин бир дагы кызматкери калаа тургундарына акча которууну суранып кат жолдобой турганы белгиленди.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаа тургундарын алдамчылардан сак болууга чакырды.
Маалыматка караганда, шаар тургундары менен мектеп директорлорунун соцтармактагы баракчаларына жана мессенджерлерине муниципалитеттин жетекчилери делген адамдардан акча которууну суранган (техника алууга, гуманитардык жардам көрсөтүүгө) каттар түшкөн учурлар кездешкени маалым болгон.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Бишкек мэриясы мындай жол менен эч качан каражат топтобойт. Шаардык кызматтын жетекчилери менен кызматкерлери мыйзамдын алкагында иштешет. Муниципалитеттин бир дагы өкүлү мындай каттарды жолдобойт", — дешти мэриянын маалымат кызматынан.
Шаар бийлиги жарандарды алдамчылардын сак болууга, маалыматтарды расмий булактардан тактоого чакырды.
Алдамчылык фактысы катталган учурда милицияга же Бишкек мэриясынын коррупция менен күрөшүү секторуна 0(312) 610 775 номери аркылуу кайрылууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0