Токтогулда суу кооптуу чекке жетти. Өкмөт ички керектөөнү азайтмакчы

© Sputnik / Эмиль СадыровТоктогул суу сактагычында суунун деңгээли. Архив
Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Өкмөт Казакстан менен Өзбекстандан бир миллиард киловатт-саат электр энергиясын алууга макулдашып, 1-марттан тарта импорттоо башталды.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Бул туурасында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ички керектөөнү азайтуу, коңшу өлкөлөрдөн алып келүү жана өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү каралып жатат.
"Башында Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кооптуу чекке жетти деп айтканбыз. Азыр ошол чектен чыгарыш үчүн ар кандай чараларды көрүп жатабыз. Казакстан, Өзбекстан менен сүйлөшүп, бир миллиард киловатт-саат электр энергиясын алууга макулдаштык. 1-мартта импорттоо башталып, бүгүнкү күндө эки өлкөдөн 120 миллион киловатт кирди. Муну алууда мурдагыдай эле товар алмашуу механизмин колдондук, тагыраак айтканда, үч жылга карызга алдык. Бул аралыкта кайра товар түрүндө кайтарып беребиз. Сатып алган жокпуз", — деди Турдубаев.
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Өкмөт электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүү ниетин билдирди
Ошондой эле ал Токтогул ГЭСинде былтыркы мезгилге салыштырмалуу суунун көлөмү 3 миллиард кубга аз экенин белгиледи.
"Биз жок дегенде былтыркынын ордун толтуруу үчүн быйыл 3 миллиард киловатт-саатка үнөмдөп же кошумча табышыбыз жана ички керектөөнү азайтышыбыз керек. Учурда аны аткаруунун иш планын карап жатабыз", — деди Турдубаев.
Мындан сырткары, министр Бишкек ТЭЦинен электр энергиясын өндүрүүнү дагы бир миллиард киловатт-саатка көбөйтүп, көлөмүн 2 миллиард 505 миллион киловаттка жеткирүү пландалып жатканын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0