COVID эки адамдын өмүрүн алып, 115 кишиге жукту. Өлкөдөгү соңку статистика

© AFP / HAZEM BADERМедициналык кызматкер COVID-19га тест алып жатат. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19га тест алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Пандемиядан бери Кыргызстанда расмий түрдө 88 миңге чукул адамдан илдет аныкталып, анын тең жарымы сакайды. Бир жарым миңге чукул адам өтүп кетти.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 115 киши коронавирус жуктурду, 65 бейтап сакайып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы катталган учурлар:
  • Бишкек — 66;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу — 42;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 3.
Пандемиядан бери 87 652 адамдан вирус аныкталды.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
  • Бишкек — 26;
  • Чүй облусу — 20;
  • Ош облусу — 3;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 3.
Жалпы айыккандар 84 339 болду.
Тилекке каршы, COVID-19дан бир суткада Бишкек шаарында эки бейтап каза тапты. Жалпы көз жумгандардын саны 1 492 болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0