Тарыхтагы маанилүү күн. Президент 24-мартка карата элге кайрылды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Жапаров 2005-жылдын 24-марты эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу күн катары эсте калганын белгилеген.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров 24-март элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров 2005-жылдын 24-марты эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу күн катары эсте калганын белгилеген.
Президент өз сөзүндө бийликке нааразы болгон жарандар өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылышканын эске салды.
"Кыргыз элинин бул күнү революцияга белсенип чыгуусуна бир катар терс көрүнүштөр, атап айтканда, адилетсиз бийлик менен мыйзамсыздыктын, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу менен жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу себеп болду", — деп айтылат кайрылууда.
Президент Аскар Акаевдин кетишин талап кылган митингчилер. 21 март 2005 жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Акаев тактан кантип тая баштаган? Түштүктө "жоогазын ыңкылабын" даярдашкандардын баяны
Президент кыргыз эли байыртадан эле эрки күчтүү, кайраттуу, адилетсиздикке эгерим моюн сунбаган эл экенин белгилеп, 30 жылдык эгемен жашоосунда бир катар сыноолорду баштан кечиргенин айтты.
"Саясий толкундоолор менен коронавирус пандемиясы, оор жоготуулар менен экономикалык кыйынчылыктар сыяктуу оорчулуктарга карабастан, саясий эркиндикке жана демократияга умтулуу мүдөөсүн моюбай сактап келет", — деген өлкө башчысы.
Жапаров алдыда Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландыруу максаты турганын, ал үчүн жапа тырмак аракеттенип, алган багытынан тайбашы керектигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0