Кыргызстандыктар лизингге кандай мүлктөрдү алышат? Статистика

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАйыл чарба техникасы. Архив
Айыл чарба техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Лизинг — бул кандайдыр бир техниканы же имаратты көп жылга ижарага алуу. Лизингге алынган буюмду кардар андан ары сатып алат.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы лизинг ишмердигин 14 компания жүргүзүп, жалпысынан 1,3 миллиард сомго бааланган 560 келишим түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Ошондой эле бул сумма 2019-жылга салыштырмалуу 12,6 пайызга аз болгону айтылды.
Кыргызстандыктар былтыр лизингге кандай мүлктөрдү алган:
  • Айыл чарба техникасы, машина жана механизмдер — 37 пайыз;
  • Курулуш-жол техникасы, машина жана механизмдер — 30,9 пайыз;
  • Кыймылсыз мүлк — 11,4 пайыз;
  • Транспорт каражаттары — 10,4 пайыз;
  • Башкалар — 6,6 пайыз;
  • Компьютерлер — 2,6 пайыз;
  • Мал — 1 пайыз.
Лизинг — бул кандайдыр бир техниканы же имаратты көп жылга ижарага алуу. Лизингге алынган буюмду кардар андан ары сатып алат. Кредиттен айырмасы — насыя алган киши каражатты өзү каалагандай пайдаланып, кийин аны акча түрүндө эле кайтарып берсе, лизингге мүлк алган тарап анын баасын ижара акысы катары төлөп отуруп кутулат. Кийин мүлк менчикке чыгып, лизинг алган тарапта калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0