Бишкектиктерди таң калтырган имараттын чыныгы сүрөтү жарыяланды
18:05 23.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание на пересечении улиц Горького и Абая
Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы интернетте талкуу болгон Горький менен Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат жайгашкан жерге барды.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Социалдык тармактарда туурасы кууш көрүнгөн бийик имараттын сүрөтү кызуу талкууга түштү.
Интернет колдонуучулары сейсмикалык жактан туруктуу болбогон имаратты курууга кандай себеп менен уруксат берилгенин белгилешип, нааразычылыктарын айтышууда.
Биздин кабарчыбыз жерине барып, имараттын сүрөтүн тартып келди. Ал мекеме шаардын Горький жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭгерде объектини ар тараптан карасаңыз, ал ушундай көрүнөт.
Эгерде объектини ар тараптан карасаңыз, ал ушундай көрүнөт.
Эгерде объектини ар тараптан карасаңыз, ал ушундай көрүнөт. Анда керек болсо чыгармачылыктын элементтери бар. Имараттын бир бөлүгү үч бурчтук формасында болгондой көрүнөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековАнда керек болсо чыгармачылыктын элементтери бар. Имараттын бир бөлүгү үч бурчтук формасында болгондой көрүнөт.
Анда керек болсо чыгармачылыктын элементтери бар. Имараттын бир бөлүгү үч бурчтук формасында болгондой көрүнөт.
Бишкек башкы архитектура кызматынын маалымат кызматынан билдиришкендей, бул жер тилкесине "жеке турак жай" — эки кабат үй мансарды менен курууга ылайыкталган мамлекеттик акты бар. Тиешелүү уруксат кагаздары берилген.