Эртең Бишкектин 38 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Түндүк электр" ишканасынын кызматкери. Архив
Түндүк электр ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын бригадалары калаанын борборунда жана чет жакадагы конуштарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзмөкчү.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Эртең, 24-мартта, борбор калаанын 38 көчөсүндө электр кубаты болбой тургандыгы "Түндүк электр" ишканасынын сайтында маалымдалган.
Бул күнү бардык бригадалар үйлөрдүн ичиндеги тармактарды оңдоп-түзөп, техникалык жактан кароодон өткөрүп, пландалган иштерди жасашмакчы.
График:
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушу (Шербет, Кара-Кужур, Безымянная, Жайыл баатыр көчөлөрү);
  • 9:30-17:00 — Кулиев, Павлов, Чымкент, Жумабек, Рыскулов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, андан сырткары 9-кичи райондо (№38 үй);
  • 9:30-18:00 — Тимирязев, Рыскулов, Табышалиев, Горький, Тыныстанов, Камчатка, Белгород, Абакан, Архангельск, Алыкулов, Астрахан, Дэн Сяопин көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, андан сырткары Ак-Ордо конушунда (Биримдик, Гагарин, Алыкулов, Бар-Булак жана Гүл-Ордо көч.);
  • 10:00-18:00 — Низова, Курманалиев, Муса Жалил, Шайыр, Ялта, Салиева, Кантемир, Садовая, Пархоменко көч. жана Жибек жолу пр.;
  • 12:00-17:30 — Көк-Жар конушунда;
  • 13:00-17:00 — Кара-Жыгач конушунда (Исакеев, Дордой көч).
Жаңылыктар түрмөгү
0