Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнү ушул жумада баштоо пландалып жатат

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедайым вакцинаны даярдап жатат. Архив
Медайым вакцинаны даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстанга Кытайдан вакцинанын биринчи партиясы келген. Бүгүн эксперттик топ препараттардын расмий документтерин карап чыгат.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө процессин ушул жумада баштоо пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымына караганда, биринчи этапта Бишкек шаарынын, Чүй жана Бишкек облустарынын жашоочуларын эмдөө пландалып жатат. Борбор калаада беш пункт, Чүй менен Ошто экиден пункт ачылат.
Ишенапысова кампаниянын так датасы азырынча белгисиз экенин айтты. Бардыгы иммунизация боюнча илимий-техникалык адистер тобунун сунуштамасынан көз каранды. Жыйын бүгүн өтөт, анда вакцина боюнча бардык расмий документтер көрсөтүлөт (орус тилине которулган).
Кытай берген вакцина менен алгач кимдер эмделет. Акматованын билдирүүсү видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Кытай берген вакцина менен алгач кимдер эмделет. Акматованын билдирүүсү видеодо
Эске салсак, Кытай Кыргызстанга 150 миң доза Sinopharm препаратын бекер берген. Жүк өлкөгө 19-мартта жеткирилген.
Биринчи этапта вакцина медиктерге, соцкызматкерлерге, укук коргоо жана күч органдарына, ден соолугу начар кишилерге, анын ичинде кары-картаңдарга сайылат.
Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөө жарандардын каалоосунун негизинде жүргүзүлөрүн эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0