Бишкектин дагы төрт көчөсүндө оңдоо иштери башталды. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Эгер сиздин көчөңүзгө же тротуарга тез аранын ичинде ремонт жасатуу керек болсо, сүрөт жана видеолорду мэриянын 0550888162 номерине жиберсеңиз болот.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкектин дагы беш көчөсүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Капиталдык ремонт Гагарин менен Кырк-Кыз көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдо, Байтик баатыр көчөсүндө (Медеровдон Баялиновго чейинки бөлүгү) башталды.
Бүгүн кечке чейин Элебесовдун түндүктү карай кеткен тарабында жана Фучик көчөсүндө (Москва көчөсүнөн шаардын кире беришине чейинки бөлүгү) оңдоо иштери башталары белгиленди.
"Жогоруда саналган көчөлөрдө унаа кыймылы үчүн кыйынчылыктар жаралды. Оңдой турган көчөлөрдүн тизмеси жарандардын арызынын негизинде түзүлгөн", — дешти мэриядан.
Мындан тышкары, төмөнкү жети көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат:
  • Исакеев көчөсү (Ауэзовдон Валихановго чейин);
  • Шевченко көчөсү (Жибек Жолунан Мичуринге чейин);
  • Леваневский көчөсү (Лев Толстойдон Асаналиевге чейин);
  • Гражданская көчөсү (Төрөкул Айтматовдон Курманжан даткага чейин);
  • Каховский көчөсү (Тимур Фрунзеден Кривоносовго чейин);
  • Васильев көчөсү (Манас проспектинен Түлөбердиевге чейин);
  • Чыгыш-5 кичи районундагы Армейская көчөсү (Кийизбаевден Мамбетовго чейин) .
Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерди ремонттоону пландап жатат.
Эгер сиздин көчөңүзгө же тротуарга тез аранын ичинде ремонт иштерин аткаруу керек болсо, сүрөт жана видеолорду мэриянын 0550888162 номерине жиберсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0