COVID: соңку суткада көз жумгандар жок, ооругандар айыккандардан көп

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери. Архив
Медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Өкмөт кыргызстандыктарды COVID-19дун жайылып, күчөп кетишинин алдын алуу максатында санитардык эрежелерди бекем сактоону улам-улам эскертип жатат.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок, илдетти 75 адам жуктуруп алса, 51 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматта кечээ күнү коронавирустан каза тапкандардын катталбагандыгы айтылды.
Статистиканы карай келгенде ооругандар адаттагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп.
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандар:
  • Бишкек - 56;
  • Ош - 2;
  • Чүй облусу – 12;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 1.
Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек – 27;
  • Чүй облусу – 18;
  • Ош облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 1.
  • Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 51
Бул күнгө чейин Кыргызстанда коронавирус 84 274 ирет катталып, андан каза тапкандардын саны 1490го жетти.
Өкмөт оорунун таралып кетишин алдын алуу максатында кыргызстандыктарды санитардык эрежелерди так сактоону суранууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0