Жумгалда кызматкерлердин акысын жеген деп мекеменин жетекчилигине иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКылмыш иш документи. Архив
Кылмыш иш документи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Райондук башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары бухгалтердик иш кагаздарды жасалмалоо аркылуу айрым кызматкерлердин эмгек акыларын өздөрүнө ыйгарып алышкан деп айыпталууда.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акысын жеп алган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Нарын облустук прокуратурасы райондук башкармалыкта текшерүү жүргүзүп, төмөнкү мыйзам бузуу фактыларын аныктаган.
"Аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары пайда табуу максатында мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарды жасалмалоо аркылуу айрым кызматкерлердин карталык эсебине каражат которуу жолу менен жалпы суммасы 3 миллион 062 миң 330 сом акча каражатын банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган", —жазылат маалыматта.
Натыйжада кызмат адамдарынын кылмыштык аракеттеринин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш изи козголуп, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу аракеттери көрүлүп жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0