Түнгө чейин иштейбиз! Салык кызматы декларация тапшырууну эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, декларация 1-апрелге чейин (дем алыш күндөрү дагы) эртең мененки саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат.
"Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин деле тапшырса болот", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;
  • менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;
  • юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга боло турганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0