Алтын-Ордо конушуна 122 млн. сомго жаңы мектеп курулмай болду

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Тендердеги алгачкы сметалык баа 122 миллон 565 миң сом деп көрсөтүлгөн. Долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушуна 480 орунга ылайыкталган мектеп курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
"Алтын-Ордо-14 көчөсүндө жайгаша турган жалпы билим берүү мекемесинин долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүттү. Жарыяланган тендер Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашат", — деп айтылат билдирүүдө.
Тендердеги алгачкы сметалык баа 122 миллон 565 миң сом деп көрсөтүлгөн. Долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0