Беларусь кыргызстандык студенттерге акысыз билим алууга дагы 12 орун бөлдү

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМинск шаары, Беларусь. Архив
Минск шаары, Беларусь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Учурда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бар. Анын алкагында жыл сайын 10го чейин гранттык орундар каралып келет.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 2021-2022-окуу жылында Беларустун жогорку окуу жайларында билим алууга кыргызстандыктарга 12 гранттык орун бөлүндү. Бул тууралуу Беларустун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчконун айтымына таянып Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, элчи менен министр Алмазбек Бейшеналиев жолугуп, алар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-беларус кызматташтыгынын перспективдүү маселелерин талкуулашкан.
"Учурда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бар. Анын алкагында эки мамлекеттин университеттеринде окуу үчүн жыл сайын 10го чейин гранттык орундар каралат. Бирок быйыл Беларусь кыргызстандыктарга дагы 12 гранттык орун бөлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар IT адистиктери боюнча студенттерди биргеликте окутуу тууралуу кеп кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0