Бишкекте толгоосу башталган келинди милиционерлер төрөтканага жеткиришти

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Бүгүн түнкү үчтө таксинин айдоочусу инспекторлорго машинанын ичинде төрөтү башталган аялды тезинен ооруканага жеткирүүгө жардамдашып коюуну өтүнгөн.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкекте милициянын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери толгоосу бышып калган аялга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган кызмат кабарлады.
© Фото / пресс-служба УПСМБишкекте милициянын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери толгоосу бышып калган аялга жардам көрсөтүштү
Помощь сотрудников УПСМ беременной добраться до роддома - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкекте милициянын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери толгоосу бышып калган аялга жардам көрсөтүштү
Окуя бүгүн, 22-март күнү, түнкү 03:00дөр чамасында Жибек жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда инспекторлор кызмат өтөп жатканда таксинин айдоочусу машинанын ичинде төрөтү башталган аялды тезинен ооруканага жеткирүүгө жардамдашып коюуну өтүнгөн.
"Милициянын сержанты Шабдан Турганбай уулу менен милициянын старшинасы Алдаяр Өмүрбек тез аранын ичинде аялды кайгуул унаасына салып алып төрөтканага жөнөгөн", — деп айтылат маалыматта.
Келиндин туугандары аял көз жарганын айтып, милиционерлерге жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0