04:30 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Коом
Кыскача шилтеме алуу
139 0 0

Интернет жарым саатка жок болуп, андан кийин калыбына келтирилген. Компания жаралган ыңгайсыздыктар үчүн абоненттеринен кечирим сурады.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. MegaCom бренди менен таанымал "Альфа-Телеком" ЖАКсы кыргызстандыктар эмне себептен интернетсиз калганын түшүндүрдү.

Буга чейин аталган компаниянын абоненттери интернети иштебей жатканын айтып кайрылышкан.

Компаниянын маалымат кызматы билдиргендей, түйүндө техникалык мүчүлүштүктөр болуп, аны жоюуга адистер тартылган. Уюлдук байланыштын интернети жарым сааттан кийин калыбына келгени, учурда толугу менен иштеп жатканы айтылды.

Ишкана келтирген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттеринен кечирим сурады.

Тема боюнча

Азат Базаркулов кайрадан MegaCom компаниясынын жетекчиси болду
Белгилер:
интернет, ишкана, MegaCom

ЭҢ МААНИЛҮҮ