Россияда ресторан спорту боюнча турнирде Кыргызстан командасы жеңишке жетти

© AFP / FRED DUFOURОфициант. Архив
Официант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Иш-чарага сегиз мамлекеттен 12 команда катышкан. Алар: Азербайжан, Афганистан, Болгария, Индия, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстан. Жыйынтыгында финалга алты команда чыккан.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ашпозчу Тахир Эргашов баштаган кыргызстандык кулинарлар командасы Россияда өткөн ресторан спорту боюнча Russia Open деп аталган эл аралык турнирде биринчи орунду алышты. Бул тууралуу Тахир Эргашов өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tahir Ergashev (@ergachef)

Ресторан спорту боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын сайтында жазылгандай (WFRS), эл аралык турнир 19-марттан 21-мартка чейин Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tahir Ergashev (@ergachef)

Турнирдин катышуучулары ылдамдык, эстетика, сапаттуу даярдоо жана тамакты берүүдөгү өзгөчөлүк боюнча жарышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tahir Ergashev (@ergachef)

Иш-чарага сегиз мамлекеттен 12 команда катышкан. Алар: Азербайжан, Афганистан, Болгария, Индия, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстан. Жыйынтыгында финалга алты команда чыккан.
Шеф-повар Мырзабек Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2019
Радио
Рысбаев: Бишкекке келген чет элдик президенттер койдун, топоздун этин ала кетишет
Турнирдин жыйынтыгында биринчи орунду Санкт-Петербург командасы менен Кыргызстандан барган ашпозчулар бөлүп алган. Алар Санкт-Петербург өкмөтүнүн кубогун уткан. Мындан сырткары, үч категория боюнча медаль, WFRS сертификаттары менен сыйланышкан.
Экинчи орунду Воронежден барган команда алса, үчүнчү орун Санкт-Петербургдан чыккан Кирилл Карамановдун командасына тийген.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай мелдештер ресторан сервисин жайылтууга көмөктөшүп, улуттар аралык байланышты бекемдейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0