Биринчи жолу орозо кармайм дегендерге муфтият менен дарыгерлерден кеңеш

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүОрозо кармап жаткан адам ооз ачуу учурунда. Архив
Орозо кармап жаткан адам ооз ачуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Быйылкы орозо 13 же 14-апрелге туш келери болжолдонууда. Муфтият орозонун так датасы Рамазан айына жакын калганда айтыларын белгиледи.
Орозону биринчи кармап жаткан адамда ар тараптуу суроолор болушу мүмкүндүгүн эске алуу менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги адистердин пикирин укту.

Муфтияттын өкүлү: Рамазан айы мектеп сыяктуу

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу ниетти туура коюп, орозо кармагандан коркпош керектигин билдирди.
© Sputnik / Эркин СадыковКыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу
 Представитель отдела фатвы ДУМК Бактияр Токтогазы уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу
"Орозодо кантип чарчабай, чаңкабай жүрүү керек деген суроо бар. Орозо — мусулман үчүн беш парздын бири. Балакатка жеткен, акыл-эстүү, оорубаган, дени сак адам кармаганы оң. Орозо туткан адамдын жан дүйнөсүндө парзымды аткарып жатам деген сезим болгондуктан, адам өтө деле суусап, ачка болбойт. Алгачкы күндөрү кыйналышы ыктымал, бирок сабырдуулукту, чыдамкайлуулукту көрсөтүү керек. Рамазан айы мектеп сыяктуу десе болот. 30 күн бою бир режимди карманасың", — деди Токтогазы уулу.
Ошондой эле ал орозо боюнча маалыматтар менен кенен таанышып чыгууну сунуштады.
Айт-намаз на старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2018
Дары ичпейт, чылым чекпейт! Орозодо ооз бекиткендерге 10 "болбойт"
"Орозону алгачкы күндөрү же ортосунда эмес, башынан баштап аягына чейин кармоо керек. Орозону эмнелер буза турганын окуңуздар. Ошондой эле оозду өз убагында ачып, бекитүү керек. Түндө уйкуга карап кечинде ичкен тамагым жетет деп турбай койгон болбойт, Пайгамбарыбыздын хадистеринде "эртең мененки соор тамакты жегиле, береке бар. Оозду өтө кеч ачканга да болбойт", — деди муфтияттын өкүлү.
Бактияр Токтогазы уулу динде ооз ачканда жана жапканда тамакты тоё жебеш керек экендиги да баса белгиленгенин айтты.

Орозого организмди кантип даярдаса болот?

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун туура тамактануу боюнча адиси Марина Дүйшөнкулова орозо башталганга чейин организмди атайын ачкалыкка даярдоонун кереги жок деп эсептейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун туура тамактануу боюнча адиси Марина Дүйшөнкулова
Специалист центра укрепления здоровья Минздрава, диетолог Марина Дуйшонкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун туура тамактануу боюнча адиси Марина Дүйшөнкулова
"Рамазан айына психологиялык жактан да даярдануу керек. Орозо кармаганга даярданам деп тамакты көп убакыт ичпей, организмди кыйнаган туура эмес. Андан көрө туура тамактанууга өтүп, азыраак жеген сунушталат. Таттуу, куурулган, ышталган, ундан жасалган тамактарды болушунча азайтыңыздар, ачуу жана таттуу дагы кошулмаларды колдонбой деле коюңуздар. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылып, ашказанды дүүлүктүрөт", — деди адис.
Ошондой эле тамактанарга 10-15 мүнөт калганда бир стакан суу ичүүнү сунуштаган. Ал эми тамактангандан кийин ал сиңиши үчүн кеминде 2-3 саат кыймылда болуу керектигин, бирок түндө ооз бекиткендер шартына караса болорун белгиледи.
Диетолог туура тамактанам дегендер эмне азыктарды жеши керектиги боюнча кеңеш берди.
Кадыр түн тозуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2020
Касиеттүү түн интернет менен өтпөшү керек! Кадыр түнгө карата 7 "болбойт"
"Сууну салмакка жараша ичиңиздер (1 килограммга 30 миллилитр туура келет), салатты көп жеңиздер, малдын этинен тышкары балыктын жана тооктун этин колдонгонго аракет кылыңыздар, десертке таттуудан көрө мөмө-жемиш жеңиздер, тоюмдуу углевод катары гречка менен күрүчтү пайдалансаңыздар болот. Негизинен тамактануу жеңил, көп түрлүү жана витаминдүү болушу керек. Анан сууну көбүрөөк ичүүнү унутпаңыздар", — деген Дүйшөнкулова.
Адис туура тамактанууну орозодон кийин дагы улантып кетүүнү сунуштаган.

Ооз ачканда сууну толук ичүү керек

Диетолог Бактыгүл Иманкулованын билдиришинче, орозону биринчи кармап жаткан адам ачкалыкка көнбөй кыйналышы ыктымал, бирок бара-бара ага деле көнөт. Негизи орозо кармаган адамдын тамакка табити көп тарта бербейт.
"Ооз ачууда көбү чыныдагы сууну ууртап эле коюшат. Ошону толугу менен ичкен оң. Адам бир канча саат ачка жүргөндүктөн организмде суунун көлөмү азаят. Суу жуткандан кийин тамакты 20-30 мүнөттөн кийин жеш керек. Антпесе ички органдарга, бөтөнчө ашказанга күч келет. Муздак эмес, жылуураак суу ичкенге аракет кылыңыз. Оозду ачууда жана жабууда майлуу, камыр, таттуу, туздуу, эттен жасалган тамактарды ченеми менен жеңиз. Жеген тамактын көлөмү адамдын бой, салмак, жашына, тагыраагы, алына жараша болушу керек", — деди диетолог.
Адис кошумчалагандай, бир канча убакыт ачка жүрүүдө нерв системасынын иштөөсү менен зат алмашуу жакшырып, денедеги шлактар чыгып, салмак азаят.

Ачка жүрүүдө организм уу заттардан тазаланат

Бир нече саат ачка жүрүү организм үчүн пайдалуу экенин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев айтты. Ал белгилегендей, орозонун ден соолукка пайдалуу экени окумуштуулар тарабынан тастыкталып келүүдө.
© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев
Рукотдела программы образования Республиканского центра укрепления здоровья Сагынбек Уезбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев
"Ачка жүрүүнүн пайдасы тууралуу илимий аныктамалар бар. Муну исламды изилдеген окумуштуулар эле эмес, батыштын илимпоздору деле айтып келишүүдө. Адам 15-17 саатка чейин ачка жүрө турган болсо, организм уу заттардан тазаланат. Демек, орозо ден соолукка пайдалуу. Болгону ал учурда ошого шайкеш тамактануу зарыл. Маселен, ачка жүрүп, анан дароо күчтүү, оор тамактарды жегенде ден соолукка залалы тийиши ыктымал. Ооз ачарда сүт азыктары, жер-жемиш, мөмө-жемиштерди жешибиз керек. Дан азыктары болгон гречка, күрүч, буурчак калориялуу болгону менен организмге сиңиши жеңил. Ал эми куурулган, майлуу тамактарды, эт, камырды ооз ачууда жебей эле койгон туура. Эң негизгиси, орозо кармоодон чочуп кооптонуунун кажети жок", — деди Уезбаев.
Ошондой эле ал муну же аны жегиле деген туура эместигин белгилеп, ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, каалоосуна жараша дасторкон даярдай турганын кошумчалады.

Орозо кармоо менен арыктап же салмак кошсо болобу?

Мамараим Жумабаев орозо учурунда арыктап же семирүү башка убактардан бир топ жеңил экенин, бул үчүн адам короткон энергиясына карап тамактануусу зарыл экенин билдирген.
"Орозо кармоодогу ниет башка, бирок адамдардын купуя да бир каалоосу болот да. Кээ бирөөлөр ушул орозо кармоо менен салмак кошсом дешет, айрымдары арыктагысы келет. Ал үчүн жөнөкөй эрежени колдонуш керек. Эгер ооз ачкандан соң күчтүү тамактарды көп өлчөмдө жеп, андан соң бат эле уктап калса салмак кошулат. Тескерисинче, тамакты ооз бекитерде көп жегендер арыктайт. Анткени күнү бою кыймылда болуп калория жумшайт", — деди Жумабаев.
Ал ошондой эле күнүмдүк турмушта аз кыймылдаган адамдар калориясыз тамактарга басым коюп, көп күч короткондор күчтүү тамактанып жүрүшү керектигин кошумчалаган.

Уйкуну кантип бир режимге келтирсе болот

Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө гипертония жана тоо медицина бөлүмүнүн башчысы Абдирашит Мариповдун айтымында, орозо маалында уйкунун бузулушу ден соолукка олуттуу деле зыянын алып келбейт.
© Фото / Эмир Абдысаттаров Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө гипертония жана тоо медицина бөлүмүнүн башчысы Абдирашит Марипов
Руководитель отделения горной медицины и легочной гипертонии Национального центра кардиологии и терапии Абдирашит Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Аз уктоо дагы, көп уктоо дагы ден соолукка зыян экени аныкталган. 7-8 саат уктоо норма деп эсептелинет, алты сааттан кем уктагандар аз уктагандарга кирсе, тогуз сааттан көп уктагандар уйкучуга кирет. Мунун кесепети дароо да, кийинчерээк да билинет. Адамдын уйкусу канбаса же өтүп кетсе көңүл чөгүп, ишке болгон жөндөмдүүлүк төмөндөйт, кишинин шалдырап алы кетет. Мындан тышкары жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна жана өтүшүп кетишине алып келет. Орозодо уйку кыска убакытка эле бузулат, тагыраагы, өнөкөт болуп саналбайт. Ошондуктан кооптонуунун кажети жок, бир айда уйкунун бузулушу организмде көп деле өзгөрүүлөргө алып келбейт", — деди адис.
Дарыгер орозого чукул түндө ойгонгон режимди калыптандыруунун кажети жок экенин айтты.
Празднование Курбан-байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2019
Курман айтта кандай мал союлушу керек? Муфтияттан 6 эреже
"Адам табиятынан сергек болсо же көп жылдан бери эрте туруп жүрсө ошондой рефлекс жаралат. Орозого аз калганда же орозо кармаган бир айда түндө тура бергенде ал адатка айланбайт. Буга көнүүгө минимум жарым же бир жыл керек. Таң эрте намаз окуп жүргөндөрдө рефлекс болушу мүмкүн", — деди дарыгер.
Адис уйку негизинен бир режимде болушу керектигин, бир убакта жатып, бир убакта турганда адам жакшы эс аларын кошумчалаган.

Орозону кимдерге кармоо сунушталбайт

Негизинен илдети оорлорго дарыланып жаткандыгына байланыштуу, бала эмизгендер жана кош бойлуулар, өтө улгайган жана кичинекей балдарга (ачкалыкты көтөрө алышпайт), алыс жакка чыгып жол азабын тарткандарга (келгенде улантса болот) сунушталбайт. Бирок кандай болгон жагдайда дагы адистер менен кеңешүү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0