COVID: соңку суткада ооругандар айыккандарга салыштырмалуу көбөйдү. Статистика

© AFP / GIL COHEN-MAGENЛаборатория кызматкери
Лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Оору аныкталгандардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 73 кишинин 58и Бишкек шаарынан экени маалым болду.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 73 адамдан табылып, 38 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 58;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 5.
Бир сутка ичинде оору илештиргендерди кошкондо өлкөдө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 87 462ге жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек – 20;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 3.
Өлкө боюна жалпы 84 223 бейтап дартты жеңди. Бактыга жараша, бир сутка ичинде өлүм учурлары катталган жок. Азыркы тапта 446 бейтап ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 125 адамдын абалы оор болсо, 19 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери Чүйдөн бир медиктен коронавирус табылган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0