Жолго чыкпагыла! Бишкек — Ош жолунда бурганактаган кар жаап жатат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Өтө зарыл болгон учурда айдоочу коопсуздук үчүн автоунаасынын техникалык абалын текшерип алганы туура. Ошондой эле транспорттор ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун айрым тилкелеринде жана Өтмөк ашуусунда кар жаап жаткандыктан жол инспекторлору айдоочуларга өзгөчө зарылдык болбосо жолго чыкпоону сунуштайт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.
"Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу жолдо инспекторлор иштеп, коопсуздукту камсыздап жатышат. 219-221-чакырымда бурганактаган кар жаап, жүк ташуучу улаалардын каттоосуна убактылуу чектөө киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Жер-жерлерге атайын техникалар тартылган. Ошого карабай ЖКККББ кызматкерлери айдоочулардан жолго чыкпай туруусун өтүнүүдө.
Өтө зарыл болгон учурда айдоочу коопсуздук үчүн автоунаасынын техникалык абалын текшерип алганы туура. Ошондой эле транспорттор ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0