Ырыскыбыз артсын! Жапаров элди Нооруз майрамы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Садыр Жапаров с бизнес-омбудсменом страны
Встреча президента Садыр Жапаров с бизнес-омбудсменом страны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Мамлекет жетекчиси быйылкы жаз өзгөчө экенин белгиледи. Анын айтымында, эл жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүүнүн алдында турат.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, каалоо-тилек айтты. Элге кайрылуусун өлкө башчынын маалымат кызматы таратты.
Төмөндө текст толугу менен берилет.
Кадырлуу мекендештерим!
Жалпыңарды Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Нооруз — адамзат тарыхындагы эң байыркы, миңдеген жылдар бою салтанат менен белгиленип келе жаткан майрамдардын бири. Анын маңызы — табияттагы бул күндөгү жаңыланууну, коомдун жана адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо.
Как готовят сумелек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Сүмөлөк кантип жасалат — Нооруздун майрамдык тамагы
Күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, жаз амалы башталарын эзелки кыргыздар да эсептеп билип, бул күндүн касиетин даңазалаган улуттук салт-жөрөлгөлөрү кадим замандан калыптанган. "Улустун улуу күнү" деген сөз ошол замандардан калган.
Учурда Кыргызстандын эли жаңы башталыштарды мурда болуп көрбөгөндөй илгери үмүт менен күтүп, алдыга умтулуп турган чагы.
Быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз. Анткени элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун — буга чейинки жетишкендиктерибизди бекемдеп, реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн дагы бир маанилүү кадамды жасоонун, жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн алдында турат.
Анын мааниси коомубузду жаңы бийиктерге, бакубат жашоого сүрөөгө, улуттун ынтымагын ширөөгө багытталган.
Ар бир үй-бүлө бүгүн дасторконду тегеректеп отуруп, коомубуз тазарсын, үйүбүзгө ырыс толсун деген бата менен эртеңки күнгө, келечекке үмүт-тилек артат.
Анткени ынтымакка бөлөнүп, биримдикке таянганда гана жаркын келечекти кура алабыз.
Эмесе, Нооруз күнү бизге дем берип, элибиздин ырыскысы артсын! Мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!
Жаңылыктар түрмөгү
0