Элчи айым Москвада ата-энесиз калган кыргызстандык бөбөктөргө барды

© Фото / пресс-служба посольства КР в РФКыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат кыргызстандык кичинекей бөбөктөр жашаган жайга барды
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат кыргызстандык кичинекей бөбөктөр жашаган жайга барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Элчилик Россиядагы "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборундагы кыргызстандык балдардын укугун коргоо жана аларды мекенине кайтаруу маселелерине көңүл бурарын билдирген.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ата-энесинин камкордугусуз калган кыргызстандык кичинекей бөбөктөр (0,4-2 жаштагы) жашаган жайга барып, абалын билип келди. Алар Москва шаарынын Мамлекеттик казыналык мекемесинин Эмгек жана калкты социалдык коргоо департаментинин "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборунда багылып жатат.
Мероприятия в пресс-центрах для неаккредитованных журналистов Кубка Конфедераций - 2017 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Элчи РФ президентинин атайын өкүлү менен жолукту. Талкууланган маселе
Муну менен катар балдар үчүн жеке гигиеналык каражаттар жардам катары берилип, борбордун директору Телегинага балдарды тарбиялоодогу баа жеткис эмгеги үчүн ыраазычылык каты тапшырылган.
Мааламатта элчилик балдардын укугун коргоо жана аларды мекенине кайтаруу маселелерине көңүл бурары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0