21-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кар жаап жаткан учруда кол чатыр менен бара жаткан кыз. Архив
Бишкекте кар жаап жаткан учруда кол чатыр менен бара жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
21-мартка караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +7…+12, Нарында +3…+8 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбордо +6…+8, Ошто +12…+14 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0