Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Мэрия айдоочуларга, элге кайрылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкекте беткапчан жүргүнчүлөр маршурткада. Архив
Бишкекте беткапчан жүргүнчүлөр маршурткада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Шаардык транспорттун айдоочуларына жолго чыгар алдында автоунааны дезинфекция кылуу, транспорттун кире беришине санитайзерлерди коюу зарылдыгын эскертишти.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Коомдук транспортто жүргөндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, бет капты сөзсүз кийип жүрүүңүздөрдү суранабыз. Мындай өтүнүч менен Бишкек мэриясы шаардыктарга кайрылды.
"Калаалыктардын саламаттыгын сактоо, коронавирус эпидемиясынын жайылышына жол бербөө максатында транспорт ишканаларынын ээлерин айдоочулар курамы менен ар дайым сүйлөшүп, жолго чыгар алдында автоунааны дезинфекция кылууну түшүндүрүшү керек. Аны менен катар эле транспорттун кире беришине санитайзерлерди коюп, жүргүнчүлөрдөн бет каптын болушун талап кылышы зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Кытай берген вакцина менен алгач кимдер эмделет. Акматованын билдирүүсү видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Кытай берген вакцина менен алгач кимдер эмделет. Акматованын билдирүүсү видеодо
Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунда ооругандардын саны кескин өсүп кетти. Биринчи вице-премьер Артем Новиков Республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, коронавирустан коргонуу иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.
"Коомдук транспортто жүргөндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, бет капты сөзсүз кийип жүрүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деп кайрылды мэрия.
Бүгүн Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде коронавирустан 46 адам айыгып, ошол эле учурда 82 адам оору жуктуруп алды. Тилекке каршы, бир адам көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0