Кыргызстанда алган айлыгымды айтуудан уялдым. Гобоист Кубанычбек Жусуповдун маеги

© Фото / предоставлено Кубанычбеком ЖусуповымМыкты гобоист Кубанычбек Жусупов
Мыкты гобоист Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Кыргызстанда маданияттын кайсы тармагы болбосун мыкты адистерди, таланттарды кезиктиребиз. Бирок алар бааланмак турсун, айрым учурда иштөөгө ойдогудай шарттын жоктугунан жана маянанын аздыгынан улам өлкөдөн кетүүгө аргасыз болууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өлкөдөгү мыкты гобоист-музыканттардын бири Кубанычбек Жусупов менен маек курган. Ал учурда Россиянын Челябинск шаарынын филармониясынын жаңы түзүлгөн симфониялык жана үйлөмө аспаптар оркестринде иштеп, Петр Чайковский атындагы музыка институтунда үйлөмө жана урма аспаптар бөлүмүндө гобойдон сабак берет.
— Гобой — Кыргызстанда көп тааныла бербеген аспап. Өзгөчөлүгү тууралуу айтып бере аласызбы?
— Бул — жыгачтан жасалган үйлөмө аспап. Башкалардан көлөмүнүн чакандыгы менен айырмаланат. Гобой башка аспаптардан өзүнүн тембри, кооз үнү менен өзгөчөлөнүп турат. Мындайча айтканда адамдын ички сезимин, эмоциясын так, даана жеткирип бере алат. Гобойду эмоционалдык инструмент деп коёт.
— Азыркы учурда Россиянын Челябинск шаарында иштеп жатыптырсыз. Кандайча ал жакка кетип калдыңыз?
— Кыргызстанда 1995-жылдан баштап 2019-жылга чейин аскердик оркестрде, Опера жана балет театрынын симфониялык оркестри баш болгон көп жерлерде иштедим. Балдарга да сабак берчү элем. Пенсияга чыккан соң Россиянын Челябинск шаарында жаңы оркестр түзүлүп жатканын угуп, сынакка катышып эле кабыл алынып калдым. Бул жакта деле симфониялык оркестрде ойноп, балдарга да сабак берем. Негизги жумушум филармонияда.
© Фото / предоставлено Кубанычбеком ЖусуповымӨлкөдөгү мыкты гобоист-музыканттардын бири Кубанычбек Жусупов
Гобоист Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Өлкөдөгү мыкты гобоист-музыканттардын бири Кубанычбек Жусупов
— Бул жактан кандай артыкчылыктарды байкадыңыз?
— Бизден айырмаланып буларда 1-1,5 жыл мурда алдын ала иш-пландар түзүлөт экен. Жаңы жүздөрдөн куралган жаңы эмгек жамаат менен жумуш абдан кызыктуу. Ар бир концертке дүйнөлүк сынактардын лауреаттары болгон музыканттар катышат, аншлаг менен өтөт. Үйлөмө аспаптар оркестри деле ар дайым жаңыланууларды карап, ошого жараша иштеп турат экен. Кыргызстанда иштеп, топтогон тажрыйбам менен жакшы эле ийгиликтерге жетишип жатам. Гобоисттердин саны азыр көбөйүп калды. Россияга келген эки жылдан бери окуткан окуучуларым да алгачкы ийгиликтерин жарата баштады. Алсак, 2020-жылы Новосибирскиде өткөн өтө абройлуу конкурста эл аралык лауреат болушту. Бирөө атайын сертификат алды. Сынактын калыстары  Москва консерваториясынан келген профессор, доценттер эле. Кудай буюрса, ийгиликтер жакшы.
— Музыканттарга түзүлгөн шарты кандай экен?
— Абдан жакшы. Өзүмдү эле айтайын, 17 450 долларга гобой аспабын сатып беришкен. Бул аспаптын үйлөй турган жерине атайын камыш коюлат. Аны улам оңдоп, жаңыртып туруу зарыл. Ушуга да өзүнчө акча бөлүп беришет. Жашаган батирим да бекер. Музыканттарга концертке кийгенге үч-төрт сыйра, бутуңдан башыңа чейин кымбат кийим алып беришет. Башка шаарга концерт коюу үчүн барарда жүктөрүңдү автобус менен алып кетишет, өзүбүз музыкалык аспаптарыбызды алып учак менен барып калабыз. Биз баргыча автобус да күтүп турат. Айтайын дегеним, иштөөгө бардык шартты түзүп беришкен. Жетекчилик "силер болгону музыка тууралуу эле ойлонгула. Калганынын баарын биз түзүп беребиз" дейт. Ошого жараша аракет кылып иштеп жатабыз.
© Фото / предоставлено Кубанычбеком ЖусуповымКубанычбек Жусупов Россиянын Челябинск шаарынын филармониясынын жаңы түзүлгөн симфониялык жана үйлөмө аспаптар оркестринде иштеп, Петр Чайковский атындагы музыка институтунда үйлөмө жана урма аспаптар бөлүмүндө гобойдон сабак берет
Гобоист Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кубанычбек Жусупов Россиянын Челябинск шаарынын филармониясынын жаңы түзүлгөн симфониялык жана үйлөмө аспаптар оркестринде иштеп, Петр Чайковский атындагы музыка институтунда үйлөмө жана урма аспаптар бөлүмүндө гобойдон сабак берет
— Кыргызстандан кетишиңизге эмне себеп болду?
— Кыргызстандан кетүүмө эч кандай деле жеке себеп жок болчу. Назгүл (Назгүл Насиева, жубайы — ред.) экөөбүз эрте турмуш куруп, көп кыйынчылыктарды басып өтүп, баарына жетиштик. Уул-кыз өстүрүп, келин алдык. Иштеген ишим деле бар, баары жакшы эле болчу. Бирок буга чейин эле чет мамлекеттен иштөөгө чакыруулар түшүп келген. Эбепке-себеп болуп 2019-жылы Москвадан Бекдөөлөт Мырзакулов деген окуучум келип калды. Ал азыр Россияда эң кыйын гобоисттердин катарын толуктайт. Ошол күнү кесиптештеримди үйгө конокко чакырып жаткам, Бекдөөлөт аэропорттон түз эле үйгө келди. "Агай, Россияга алып кетейин. Же эмгегиңиз бааланбаса, беш-алты жерге чуркап иштебей, андан көрө ден соолугуңузду карап, мени менен жүрбөйсүзбү. Маянасы да жакшы" деп сунуштап калды. Алгач көп маани берген жокмун. Эки күндөн кийин "окуучуларыма мастер-класс өтүп берип койчу" деп Бекдөөлөттү Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернатка чакыргам. Ал окуучуларымдын мыктылыгын көрүп, айлыгымды сурады. Ал убакта алган маянаны айткандан да уяласың, Шубин мектебинен 1000 сом, Мукаш Абдраевден 2500 сом айлык алчумун. Аны угуп эле "болду агай, иштебей эле коюңузчу, мен сизге жакшы жумуш таап берем" деди. Ошондон кийин мен да ойлонуп, интернетти карап көрсөм Челябинск шаарында оркестр ачылып жатыптыр. Ошентип келип калдым.
Төкмө акын, кытайлык кыргыз Акмат Султан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2020
Эл өлкө эмес өз камын ойлойт экен. Кытайлык кыргыз акын Акмат Султандын маеги
— Азыр кайсы тармак болбосун жалаң мыкты адистер өлкөдөн кетип жатышат. Кыргызстандын маданият чөйрөсүнө кандай баа берет элеңиз?
— Туура, азыр көптөгөн адистер өлкөдөн кетүүгө аргасыз. Анын бир себеби кымбатчылык жана маянанын аздыгы болууда. Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, беш жыл акча төлөп окуган студент жакшы жумушка кирүү үчүн ошол беш жыл окууга төлөгөн акчанын көлөмүндөй пара берүүгө аргасыз. Ал эми чет жакка чыгып жаткан адис өз кесиби менен иштесе жакшы, анда үй-бүлөсүнө, жакындарына да жардам берип, сүйүктүү кесиби менен татыктуу иш алып барат. Бирок чет мамлекетке барып көчө шыпырып, жүк ташып же дагы башка кара жумушта иштөөгө аргасыз болгондор бар. Эң жаманы ушул. Булар кийин кайтып келгенде өз кесибинен алыстап же жашы өтүп кеткендиктен жумушка алынбай калат. Ошентип алган билими текке кетет.
© Фото / предоставлено Кубанычбеком ЖусуповымКубанычбек Жусупов: Кыргызстандан кетүүмө эч кандай деле жеке себеп жок болчу. Назгүл (Назгүл Насиева, жубайы — ред.) экөөбүз эрте турмуш куруп, көп кыйынчылыктарды басып өтүп, баарына жетиштик
Гобоист Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кубанычбек Жусупов: Кыргызстандан кетүүмө эч кандай деле жеке себеп жок болчу. Назгүл (Назгүл Насиева, жубайы — ред.) экөөбүз эрте турмуш куруп, көп кыйынчылыктарды басып өтүп, баарына жетиштик
Кыргызстандын маданият тармагын ала турган болсок, жакшы жактары да, кемчиликтери да толтура. Жыл сайын мамлекеттик бюджетти бөлүштүрүүдө маданият тармагына эң аз акча бөлүнөт. Мындай мамилени маданиятты шылдыңдоо деп түшүнөм. Эгемендик алгандан бери бир да жолу концерттик зал, маданий имарат салынган жок. Оштогу Ниязалы атындагы жалгыз музыкалык училищенин абалы мышык ыйлаарлык. Жаңы консерватория салынып, Мукаш Абдраев атындагы интернатты жаңылап койсо болор эле. Өзүм иштеп кеткен Опера жана балет театрындагылар да өз арабасын эптеп кылдыратып келе жатат. Арасында мыкты музыканттар абдан көп. Театрга келген жетекчилердин ичинен музыканттардын акчасын көз көрүнөө жеген директорлор да болду. Музыканттар бюджетке бөлүнгөн акчанын тыйынын да көрчү эмес. Жадагалса чет мамлекетке чыкканда тамак-ашына, жатагына деп мыйзам чегинде берилүүчү акчалар да төлөнбөй калчу. Ар бир музыкант ушуга чейин өз көйгөйү менен өзү күрөшүп келет. Анан кайдагы чыгармачылык жөнүндө сөз болот? Ошол 30 жылдан бери мамлекетти азыркы абалга жеткирип койгон беш-алты жетекчи ушуга чейин макталып, болгон сыйлыкты алып жатышат. Музыканттар унчукпай, кийлигишпей өз иши менен алек, алардын артыкчылыгы мына ушунда. Мурда музыкалык аспаптарды оңдоого акча бөлүнүп берилчү, азыр ал да жок. Ушу тапта айлыктын азынан, шарттын жогунан тажаган музыканттардын көбү чет жакка чыгууга аракет жасоодо. Мага азыр көбү телефон чалып, чек аранын ачылышын күтүп жатканын айтышат. Бул абдан жаман көрүнүш, кийин мамлекетибизге, маданият тармагына зыян алып келүүчү жагдай.
© Фото / предоставлено Кубанычбеком ЖусуповымКубанычбек Жусупов: бизден айырмаланып Россияда 1-1,5 жыл мурда алдын ала иш-пландар түзүлөт экен. Жаңы жүздөрдөн куралган жаңы эмгек жамаат менен жумуш абдан кызыктуу
Гобоист Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кубанычбек Жусупов: бизден айырмаланып Россияда 1-1,5 жыл мурда алдын ала иш-пландар түзүлөт экен. Жаңы жүздөрдөн куралган жаңы эмгек жамаат менен жумуш абдан кызыктуу
Кыргызстанда музыканттардын деңгээли өтө бийик. Маданият министри кадр саясатына көп көңүл бурса жакшы болмок. Өзүм алты жерде иштегендиктен ар бир мекеменин көйгөйүн жакшы билем. Музыканттар бир гана музыканы ойлошу керек, башка көйгөйлөр менен аларды алагды кылбай, социалдык абалын да мамлекет карамагына алуусу зарыл. Эң башкысы — туура мамиле жасап, музыкалык аспабын жөндөп, иштөөгө жакшы атмосфера түзүп берүү керек. Ошону менен катар парламентке, шаардык кеңешке депутат болгон адамдар маданият тармагына кийлигишпесе жакшы болмок. Маданиятты ушул тармакты түшүнгөн адам караганы жакшы.
— "Кайда барсаң Мамайдын көрү" деңиз... Өзүңүз музыкага кандайча аралашып калдыңыз эле?
— Мен Лейлек районундагы жаратылышы эң кооз, суусу тунук, аска-зоосу бийик Ак-Суу айылында төрөлгөм. Ошол жакта 1-класстан 8-класска чейин окуп, булбулдар сайраган кооз жерде өстүм. Ата-энем жети баланы өстүрүп, баарыбызга жогорку билим берди. Атамдын кесиби юрист, энем үй кожойкеси болчу. Атам абдан билимдүү киши болгондуктан үй толо китеп эле. Бирок ал киши өзү элдик чыгармачылыкка жакын болчу. Дасторконго отурганда комуз чертип чер жазар элек. Сүрөттү да укмуш тартчу. Бизге дайыма "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Курманбек" эпосторун жана Жеңижокту окуп берип чоңойтту.
© Фото / предоставлено Кубанычбеком ЖусуповымКубанычбек Жусупов: атам да баамдады өңдөнөт, "сени музыкант эле кылайын, музыканттар эч кимге жамандыгы жок, мээримдүү болушат" деп 7-класстан кийин оюн өзгөрткөн
Гобоист Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кубанычбек Жусупов: атам да баамдады өңдөнөт, "сени музыкант эле кылайын, музыканттар эч кимге жамандыгы жок, мээримдүү болушат" деп 7-класстан кийин оюн өзгөрткөн
Кичине кезимде абдан тентек болдум. Атам менен апам конокко барганда кээде байлап койчу экен. Оңой менен сөзгө көнбөй, өзүмдүкүн берчү эмесмин. Атам мени кичинемден эле ошол кездеги КГБда иштейсиң деп аскер болууга үндөп, тарбиялачу. 7-класска чейин жоокерге тийиштүү нерселердин баарын үйрөтүп, мылтык аттырып, ар кандай машыгуудан өткөрүп даярдап жүрдү. Ал тургай райондун борборуна барып тир да аттырчу эле. Бирок улам чоңойгон сайын мүнөзүм да өзгөрүп кетти. Аны атам да баамдады өңдөнөт, "сени музыкант эле кылайын, музыканттар эч кимге жамандыгы жок, мээримдүү болушат" деп 7-класстан кийин оюн өзгөрткөн. Анын үстүнө чоң атамдын уулу да убагында музыкалык училищени бүтүп келгендиктен гитара, аккордеон ойногонду билчү. Ал киши айылдагы мектепте музыкадан сабак берчү. Мендеги музыкага жакындык ушундан улам жаралса керек.
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2021
Баянды эшиктин жыртыгынан шыкаалап, кайтарып... Композитор Адылбек Кыязов менен маек
— Гобой аспабын тандап алууңуз да кызык. Анткени гобоисттер чанда кездешет го...
— 8-классты бүткөндө атам Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга алып келди. Ал кезде гобой деген аспап бар экенин деле билбейм. Алгач эле Абдыманап Тургунбаев агайга жолугуп, сүйлөшүп калдык. Ал кишинин кеңеши менен гобой ойноо боюнча бөлүмгө тапшыргам. Айылдан келгенде баарыбыз эле гитара, аккордеон жагында окууну каалап, "ырчы болуп гитараны кыйратам" деп келебиз да. Гобой десе "г" тамгасын гитарага окшоштуруп кирип алдым окшойт. Чынында гобойдо ойноо абдан татаал экен. 1989-жылы ойноого эң татаал музыкалык аспап катары Гиннес китебине кирген. Анын үстүнө окуу жайда аспаптын баары эски болчу. Ошентип Ошто окуп, гобоист болуп калдым. Кийин Бишкектеги консерваторияга келип окуумду улантып, Аман Курманалиев деген доцент агайдан билим алдым. Биринчи жолу колго алгандан бери ушу күнгө чейин экөөбүз эриш-аркак эмгектенип калдык.
© Фото / предоставлено Кубанычбеком ЖусуповымКубанычбек Жусупов: мага көбүнчө кыргыз композиторлорунун чыгармалары жана өзүм Опера жана балет театрында иштегендиктен кыргыз опералары, "Чолпон" балети жагат
Гобоист Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кубанычбек Жусупов: мага көбүнчө кыргыз композиторлорунун чыгармалары жана өзүм Опера жана балет театрында иштегендиктен кыргыз опералары, "Чолпон" балети жагат
— Жогоруда гобойду эң оор музыкалык аспап дебедиңизби, канча убакта өздөштүрө алдыңыз?
— Ооба, гобойдо ойноо абдан оор жана аны өздөштүрүү татаал болуп эсептелинет. Ошто окуп жүргөндө училищенин деңгээлинде талапка ылайык өздөштүрө алдым. Кийин Бишкектеги консерваторияга келип окуумду улантуу менен билимимди дагы тереңдетип жүрүп отурдум. Жакшы, жеткиликтүү ойноо үчүн бул аспап өтө көп эмгекти талап кылат. Дегеле музыка дүйнөсүндө өмүр бою изденүү жана эмгектенүү талап кылынат.
— Ар бир музыканттын табити болот эмеспи. Кайсы чыгарманы аткаруу сизге ырахат тартуулайт?
— Мага көбүнчө кыргыз композиторлорунун чыгармалары жана өзүм Опера жана балет театрында иштегендиктен кыргыз опералары, "Чолпон" балети жагат. Ушулардан ырахат алам. Себеби кайрыктары жүрөккө жакын, кыргыз жыттанып турат. Дүйнөлүк классикадан Чайковскийдин "Ак куу көлү",  "Евгений Онегин" операсы жана ошондой эле Джузеппе Вердинин операларын ойноо керемет сезим тартуулайт. Көбүнчө театрда ойнолуучу чыгармаларга жакынмын. Ал эми жеке оркестрде чыгарма аткаруу үчүн ага өзүнчө даярдануу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0