Уйку адамдын салмагына кандай таасир тийгизет. Адистин эскертүүсү

© Фото / Pexels / Ketut SubiyantoКыз төшөктө уктап жатат. Архив
Кыз төшөктө уктап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Адам көп уктаса жүрөк ооруларына кабылуу коркунучу бар экендиги, тагыраагы, организмде висцералдык майдын пайда болору айтылды.
БИШКЕК, 20-март — Sputnik. Туура эмес режим менен уктоо организмди май басууга алып келерин америкалык дарыгерлердин маалыматына таянып Express жазып чыккан. 
Адамдын уйкусу канбаса ички органдарынын айланасында май ткандарынын пайда болорун адистер айтып беришкен.
Ал эми көп уктоонун да кооптуулугун эскертишкен.
"Эгер көп уктасаңыз, висцералдык майдын пайда болуу ыктымалдыгы бир топ жогорулайт, бул өтө кооптуу, анткени ал зат алмашууга байланышкан жүрөк оорусунун өнүгүшүнө шарт түзөт", - деп жазылган маалыматта.
Май басууну алдын алуу үчүн адистер күнүнө алты сааттан сегиз саатка чейин уктоого кеңеш берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0