COVID: соңку суткада ооругандар айыккандарга караганда эки эсе көбөйдү. Статистика

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Акыркы күндөрү республика аймагында коронавирус менен ооругандардын саны улам өсүп бара жатат. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 295 бейтап жатат, алардын ичинен 18и өтө оор абалда экени маалым болду.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде коронавирустан 46 адам айыгып, ошол эле учурда 82 киши оору жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Ошону менен катар коронавирустун кесепетинен Ысык-Көл облусунда бир бейтаптын көз жумганы айтылды. Бүгүнкү күндө бул оорудан ажал тапкандардын саны Кыргызстанда 1488ге жетти.
Айыгып чыккандар:
  • Бишкек – 23;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 5.
Вирусту жеңип чыккан бейтаптардын жалпы саны 84 130ду түздү.
COVID-19 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек – 55;
  • Чүй облусу – 19;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 3.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери 87 321 адамдан COVID-19 аныкталды.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 295 бейтап жатат, алардын ичинен:
  • 98и - оор абалда;
  • 18и - өтө оор абалда.
Мындан сырткары, 363 бейтап үй шартында медиктердин көзөмөлү менен дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0