03:32 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Коом
Кыскача шилтеме алуу
89 0 0

Арзандатуу камсыздандырылган, үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган жана дарыгер көрсөтмө берген бейтаптарга каралган.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Гипертониялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар дарыларга жеңилдик берүү программасы боюнча дары-дармектерди 50 пайыз арзан ала алат. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) маалымат кызматы билдирди.

Мындай арзандатууну камсыздандырылган жана үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган бейтаптар колдоно алат. Жеңилдик берилген препараттар МККФ менен келишим түзүлгөн дарыканаларда сатылат.

Көрсөтмө менен сатып алууга боло турган дарылардын тизмеси:

  • Ацетилсалицил кислотасы (же ацекардол, аспикард, аспирин кардио, тромбо АСС, тромбопол);
  • Амлодипин (же адипин, амлорус, амод, авторекс, тенокс, короним, амлокс);
  • Аторвастатин (же арвастатин, аторек, аторвакор, аестатор, арвастатин, аторис, торвитин);
  • Бисопролол (же беландж, бидоп, бисомор, бисопрол, бисопролол ЛЕК, бисотекса, конкор, конкор кор, эмкор, нипертен, ризопрол);
  • Изосорбида динитрат (же кардикет, изо-мик, изокет);
  • Индапамид (же арифон ретард, индабрю, индапамид СР, индапамид, индап, флюпамид SR, SR-индамед);
  • Лизиноприл (же багровен, лизинокор, лизиноприл, листрил);
  • Нифедипин (же кордипин ретард, нифекард ХЛ, коринфарм);
  • Эналаприл (же берлиприл 10, карлон, эдниприл, эднит, Эналаприл-АКОС, энап);
  • Эналаприл+гидрохлортиазид (же карлон плюс, энап-Н, энап-НЛ);
  • Гидрохлортиазид.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду камсыздандырылбаган бейтаптар гипертониялык оорулар боюнча берген дарыгердин көрсөтмөсү менен алса болорун белгиледи.

Арзандатылган дарылардын тизмеси менен МККФтин сайтынан дагы таанышууга болот.

Бардык суроолор боюнча фонддун 113 түз байланышы аркылуу жооп алууга шарт түзүлгөн. Бардык мобилдик операторлордун абоненттери үчүн чалуу акысыз.

Тема боюнча

Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүү кирди. Ал дары-дармекке тиешелүү
Белгилер:
тизме, жеңилдик, гипертония, арзандатуу, дары

ЭҢ МААНИЛҮҮ