Минскиден Бишкек менен Ошко түз авиакаттам ачылышы күтүлүүдө

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАсманда жүргүнчү учагы. Архив
Асманда жүргүнчү учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош маршруттары боюнча аба каттамын Avia Traffic Company компаниясы аткарышы пландалып жатканын билдирген.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Беларустун ортосунда түз аба каттамы ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Беларустун транспорт жана коммуникация министрлигинин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, 18-март күнү Беларустун авиация департаментинин жетекчиси Артем Сикорский менен Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибрагимов жолугушкан.
Тамчы аэропортунда учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Тамчыга Россиянын эки шаарынан жаңы авиакаттамдар ачылат
Тараптар эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын уюштуруу маселесин талкуулашкан.
Ибрагимов Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош маршруттары боюнча аба каттамын Avia Traffic Company компаниясы аткарышы пландалып жатканын белгилеген.
Тараптар авиакаттамдын ачылышына эки өлкө тең кызыкдар экенин билдирип, бул жааттагы актуалдуу маселелерди талкуулашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0