Бишкекте ишембилик өтөт. Тазалануучу аймактардын тизмеси

© пресс-служба мэрии города БишкекКишилер ишембиликте. Архив
Кишилер ишембиликте. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Мэриянын маалыматына ылайык, баш калаанын бир канча аймактарында айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрөт.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Эртең, 20-мартта, Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баш калаанын бир канча аймактарында айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрөт.
  • Чыгыш-5 кичи районундагы № 24 турак үйдөн №53 мектепке чейинки аймак;
  • Воркаут аянты, Чыгыш-5 кичи районундагы №29, №30, №31 турак үйлөрдүн айланасы;
  • Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бактын 7-Апрель көчө жагындагы аймагы;
  • Ак-Өргө конушундагы Өмүр көчөсүнүн Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Темир жолдун жанындагы жылуулук трассасынын Логвиненко көчөсүнөн Тынчтык проспектине чейинки бөлүгү;
  • Гастелло көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Токтоналиев көчөсүндөгү №8, №10, №12 турак үйлөрдүн айланасы;
  • Түштүк-2 кичи району.
Жаңылыктар түрмөгү
0