Марипов: ТЭЦ-2 ишке кирсе 400 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкектеги ТЭЦ. Архив
Бишкектеги ТЭЦ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Премьер-министрдин айтымында, ТЭЦ-2нин аймагындагы 40 гектар жерге 400 үй курулуп калган. Ишкана ишке кире турган болсо ал жердин жашоочуларын көчүрүш керек болот.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектуранын" көчмө жыйынында билдирди.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов
Выездное совещание премьер-министра Улукбека Марипова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Премьер-министр Улукбек Марипов
"Мен картадан карап көрдүм, ТЭЦ-2нин 40 гектардай аймагына жаңы конуштар түшүптүр. Эгер биз жылуулук борборун ишке киргизсек, 400дөй үйдү (үй-бүлө – ред.) көчүрүүгө туура келет. Бул чоң көйгөй. ТЭЦтин оң жагында карьер бар, текшерүүчү органдар тийиштүү жерлерге көз салса жакшы болмок", — деди ал.
ТЭЦ-2 Бишкектин түндүк-батышында, Сокулук районунда жайгашкан. Анын курулуш иштери 1986-жылы башталып, кийин токтоп калган. 2019-жылы өкмөт бул ТЭЦти калыбына келтирүү маселеси каралып жатканын билдирген. Ал эми экс-мэр Азиз Суракматов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде ТЭЦ-2ни реконструкциялоо жана модернизациялоону тездетүү зарылдыгын билдирип, ишкана газ менен иштеши керектигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0