12:07 11 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7112
  • EUR103.0978
  • RUB1.1491
Коом
Кыскача шилтеме алуу
238530

Бир орунда кыймылдабай иштеген адамдардын көбү остеохондроз оорусу менен жабыркайт. Остеохондроз оорусунун себеби, дарылоо жана ага айлана-чөйрөдөгү факторлордун таасири туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги невропатолог Максат Батыров менен маектешкен.

Адистин айтымында, остеохондрозго жол бербөө үчүн кыймылдуу болуп, отуруп иштегендер тез-тезден көнүгүү жасап туруу зарыл.

— Нерв оорулары эмнеден пайда болот?

— Себептери көп. Нерв оорулары жалпы түшүнүк, алар ич ара бөлүнүп кетет. Башкача айтканда, түрү арбын. Мисалга инсульт, талма, омуртка оорусу бар. Булардын пайда болуу себептери да ар кандай. Учурда омуртка оорулары абдан көп кездешет.

Неврологдорго остеохондроз оорусу менен көп кайрылышат. Илдет күчөп отуруп грыжа оорусу пайда болот. Остеохондроз — омуртка түзүлүшүнүн дарты. Бул илдет негизинен аз кыймылдагандыктан улам келип чыгат. Көбүнчө тигүү цехтеринде, офисте иштегендер арасында көп кездешет. Невропатологдорго тигүүчүлөр көп келишет. Ошондой эле оор жүк көтөрүүдөн, ашыкча салмактан, тамактануунун бузулушунан жана башка себептерден улам да пайда болот. Анан баланы жашынан түз отурууга үйрөтүү керек. Омуртканы түз кармап жүрүү да өтө маанилүү.

— Бул оору тукум кууйбу?

— Тукум кууйт деп кескин айтууга болбойт, бирок кандайдыр бир деңгээлде гендик түзүлүштөн улам муундан-муунга өткөн тенденция байкалат.

— Остеохондроз организмдин иштешине кандай таасир этет?

— Ал омуртканын кайсы бөлүгү остеохондроз болуп жаткандыгына жараша болот. Омуртканын түзүлүшүнө жараша моюн, далы, бел, жамбаш остеохондрозу жана таралган остеохондроз деген түрлөрү бар. Моюн омурткасынын остеохондрозу биринчиден нерв жана кан тамырларынын кысылышына алып келет. Мындан улам кулак чуулдап, баш айланып, көрүү начарлайт. Көзүбүз бетте жайгашканы менен көрүүгө мээнин арткы бөлүгү жооп берет. Ошол жерге кан жакшы жетпей калганда көз чыбырчыктап, туман баскандай болот. Кулактын угушун да ушул моюндан кеткен тамыр көзөмөлдөйт. Остеохондроз болгондо кулак тунуп, чуулдайт. Андан сырткары адамдын түз туруусуна, координациясына жооп берген кара куш мээси баштын арт жагында жайгашкандыктан, ага да кан жетпей калса баш айланат. Моюндан чыккан нерв колубузга кетет. Ошол себептен моюнда хондроз болсо кол чымырап ооруп, кан жетпей уктап кала берет. Мындан тышкары, моюн омурткасындагы хондроз грыжаны пайда кылышы мүмкүн.

Негизи остеохондроз төрт стадияга бөлүнөт. Жогорудагы санап өткөн белгилер 2-3-стадиядагысы болуп эсептелинет. Башында оору анча билине бербейт. Эгер омуртка бир аз талып ооруса, ал күчөй электе дарыгерге барган оң. Оорунун эң жөнөкөй белгилеринин бири — моюн ооруп, талыйт. Моюнду бурганда кычыраган үн чыгышы мүмкүн. Көздүн начарлашы да байкалат.

Невролог Максат Батыров во время работы
© Фото / Айпери Аринова
Максат Батыров: неврологдорго көбүнчө остеохондроз оорусу менен кайрылышат

— Алдын алуу жолдору тууралуу сүйлөшсөк, мисалы, туура отуруп-турганды да билишибиз керек эмеспи. Ушуга токтолсоңуз.

— Омуртка сөөктөрүндө, кемирчектерде кан тамырлар жок болгондуктан ал айланасында жайгашкан булчуңдардан, кан тамырлардан азыктанат. Эгер булчуң тырышып, омурткалар кысылып кан барбай калса эле остеохондроз башталат. Булчуңдардын талып, уюп, жел туруп калганын сезгенде эле алдын алууну баштоо керек. Адам жумушта отурганда эле убак-убагы менен атайын көнүгүүлөрдү жасап турганы оң. Бул өтө маанилүү, керек болсо адат кылып алганы жакшы. Анткени булчуңдар жазылып, кан айлануу жакшырса хондроз болуу ыктымалдуулугу азаят. Ал эми хондроз болгон учурда атайын массаж же физио дарылоонун ультраүндүү терапия, электрофорез жана фонофорез өңдүү түрлөрү жасалат. Андан тышкары, остеохондрозго каршы дарыларды ичүү керек. Айрым учурда алгач укалоого барбай туруп эле аталган дарыларды ичип, ооруну басаңдатуу зарыл болуп калат. Дароо укалоого баруу да кээде туура эмес болуп калышы мүмкүн. Оору күчөп кетиши ыктымал. Ошол себептен сөзсүз дарыгерге барып, кеңеш алуу зарыл.

— Остеохондрозду дарылоодо укол саюу, иглорефлексотерапия жана хирургиялык жолун да айтышат...

— Иглорефлексотерапияны физиодарылоонун түрү катары хондрозго колдонууга болот. Операция грыжа пайда болгондо гана колдонулат. Хондрозго кабылган маалда омурткалардын ортосундагы кемирчектер борпоң болуп калат. Оор жүк көтөргөндө же туура эмес кыймылдаганда кемирчектен жарака кетиши мүмкүн. Ал эми белде пайда болгон остеохондроз омурткалардын ортосунда этти пайда кылып, грыжага алып келет. Грыжа болгон учурда суюлук кеткен кемирчекти алып салууга туура келет. Бирок грыжанын бардык эле түрүн операция кылууга болбойт. Моюндан чыккан, белден бутка кеткен нервдердин кысылган неврологиялык белгилерин адис текшерип, томография аркылуу аныктайт. Грыжа кээ бир учурда нервди жабыркатпай эле пайда болушу мүмкүн. Мында эч кандай операция талап кылынбайт. Ошол себептен грыжага операция десе эле "баспай калат экенмин" деп коркуу туура эмес. 1995-жылдары томография аппараты Кыргызстанга келе баштагандан тартып эле грыжаны дарылай баштаганбыз. Ага чейин радикулит деп эле дарылай беришкен.

— Негизи остеохондрозду кайсы бир деңгээлде толук айыктыруу мүмкүн эмес дешет. Бул туурабы?

— Адамдын дене түзүлүшү төрөлгөндө идеалдуу болгону менен турмуш түйшүгүнөн улам омуртка сөөктөр өзгөрүүгө дуушар болот. Айрымдар катуу жабыркатып алат. Көпчүлүк учурда оор нерсе көтөргөн, бир орунда кыймылдабай иштеген адамдардын көбү остеохондроз оорусу менен жабыркашат.

— Суук өткөндөн же жел туруп калгандан да болушу мүмкүнбү?

— Негизинен жел туруп калды же туз уюп калды деп койгонубуз менен чынында булчуңдар тырышып калат. Ошонун негизинде омуртканын айланасында кан айлануу бузулат. Омуртка менен адамдын нерв системасы түз байланышта. Адам канчалык көп чарчаса, стрессте жүрсө жана ушундай нерв ооруларына дуушар болгон учурда остеохондроз козголот. Дагы бир таң калычтуу байкоомду айтсам, көп жыл Бишкекте иштеп, бир ирет аймактарды кыдырып айылдарга барып калдык. Шаарда иштеп, кайрылган бейтапка берилүүчү көнүмүш суроолорубуз калыптанып калган. Айылга барганда ошол суроолорум четке кагылды. Башкача айтканда, айылдыктардан: "башыңыз ооруйбу, уйкуңуз кандай?" — деп сурасам баары: "жок, башым деле оорубайт, балам, уйкум деле сонун, бирок белим, буттарым ооруйт", — деп айтып жатышты. Башкача айтканда, айылдыктар көбүнчө оор көтөрүп, жумуштун кесепетинен эле ооруп калышкан. Ал эми шаардыктар стресске көп кабылышат. Шаар менен айылдын жашоочуларынын кайрылуу себептери эки башка. Шаарда стресстик факторлор көп.

Тема боюнча

Аллергия мээни да сезгендириши мүмкүн. Аллерголог Абдылдаев менен маек
Белгилер:
невролог, остеохондроз, кан тамыр, омуртка, Максат Батыров

ЭҢ МААНИЛҮҮ