Үч тоскоолдукту алып салсаңар Бишкек гүлдөмөк! Курулушчулар премьерге кайрылышты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевИшкер, курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров
Ишкер, курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын имаратында көчмө жыйын өткөрүүдө. Ага курулушчулар, мамлекеттик жана муниципалдык органдын өкүлдөрү катышууда.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында курулуш үчүн үч эле көйгөй бар. Ал тоскоолдуктарды алып салсаңар ордо калаа гүлдөп-өнүкмөк. Бул тууралуу ишкер, курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров өкмөт башчынын катышуусундагы көчмө жыйында айтты.
Белгилей кетсек, премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын имаратында көчмө жыйын өткөрүүдө. Ага курулушчулар, мамлекеттик жана муниципалдык органдын өкүлдөрү катышууда.
Ал аткаруу бийлиги бизнес менен өнөктөш катары иштешип, күч органдары жардам бермейин ордо калаада курулуш токтоп тура берерин белгиледи.
"Бишкекте курулушка тоскоол болгон үч эле маселе бар. Алар: курулушту кармаган архитектура маселеси, мэриянын комиссиясы, Мамлекеттик курулуш агенттигинин экспертизасы. Бул үч көйгөй Бишкекте эле бар. Башка аймактарда жок. Эгер ушул үчөөнү чечип берсеңер, бизнес-курулуш гүлдөп-өнүкмөк. Майда объектилерди салууда шаардык кеңешти, инженердик-техникалык шарт (ИТУ) дегендерди алып салганыбыз туура. Бизнеске, экономикага, курулушчуларга туура мамиле кылгыла. Биз мамлекетке миллиондогон салыктарды төлөп жатабыз. Аткаминерлер үстүдөн карабай, өнөктөш болсун. Дароо эле иш козгоп салбай, ага чейин туура эмес кылып жатасыңар деп кеңешин берип, кандай кылса туура болорун айтсын. Азыр курулуш компания жетекчилеринин бир тобуна иш козголгон. Алар эч кайда качпайт, айып пулун бюджетке төлөйт. Болгону мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биргелешип иштеш керек", — деди Абдыкадыров.
Башка курулушчулар дагы текшерүүлөр ишке тоскоолдук жарата турганын айтып, аларды алып салса бизнеске, курулушка жеңилдик боло турганын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0