Эки киши көз жумуп, 96 кишиден оору табылды. COVID боюнча статистика

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Вирустан көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынан катталды. Борбор калаада пандемиядан бери ооругандардын саны азая элек.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 96 кишиден коронавирус аныкталды, 53 киши сакайып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 43;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу — 35;
  • Ош облусу — 3;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 2.
Жалпы ооругандар 87 239 болду.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек — 29;
  • Чүй облусу — 19;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1.
Ушуну менен сакайгандар 84 084кө жетти.
Бир суткада COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки бейтап көз жумду. Коронавирус жалпы 1 487 адамдын өмүрүн алды. 
Стационарда азыр 400 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 272си орточо, 108и оор жана 20сы өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 324 бейтап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0