ӨКМ: Бишкектин ар жерине абанын тазалыгын текшерген 50 датчик орнотулат

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив
Бишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Эми Бишкектин абасы кандай экенин Кыргызгидрометтин жана Алматы — Бишкек экономикалык коридору программасынын сайттарынан көрүүгө болот.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин көчөлөрүнө жана чет жакасындагы айылдарга абанын булгануусун ченей турган 50 датчик орнотот. Жабдыктар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланганын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ абанын сапатын үзгүлтүксүз өлчөөнү ишке ашыруучу электрондук картанын бет ачары болуп өткөн. Ага ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев, аталган банктын Кыргызстандагы атайын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канокпан Лао-Арая жана Алматы — Бишкек экономикалык коридорунан өкүлдөр катышкан.
Канокпан Лао-Арая өзү өскөн жер менен Бишкекти салыштырган.
"Таиланддын түндүгүндөгү Нан шаарында чоңоюп өскөм. Ал дагы Бишкек сыяктуу эле өрөөндө жайгашкан. Ушундай эле көйгөйлөр Нанда дагы бар. Кыш мезгилинде бизде дагы аба кирдеп турат, андыктан бул маселени мен жакшы билем. Кыска аралыкта бишкектиктердин меймандостугун баалап, өлкөнүн жаратылышын, бөтөнчө, тоолорун көргөнгө жетиштим", — деген Канокпан Лао-Арая.
Медицина илимдеринин доктору Таалайбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Аллергия мээни да сезгендириши мүмкүн. Аллерголог Абдылдаев менен маек
Өз кезегинде министр Ажикеев өлкөдөгү экология боюнча иш-чаралардын жана долбоорлордун аткаруучусу ӨКМ экенин айтып, Азия өнүктүрүү банкы кыргыз өкмөтү менен абанын булгануусунан пайда болгон таасирди азайтуу боюнча кызматташтыгын мындан ары дагы арттырарына ишенерин белгилеген.
Эми Бишкек шаарынын абасы кандай экенине кызыкдар болгондор Кыргызгидрометтин жана Алматы — Бишкек экономикалык коридору программасынын сайттарынан каалаган учурда көрө алары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0